Аймак

ОИИБде АВТОУНАА ЖАНА СПОРТ ЧЕБЕРИ НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

ОИИБде АВТОУНАА ЖАНА СПОРТ ЧЕБЕРИ НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

 597 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 24-апрелде Жалал-Абад ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну Акмалбек Закиров тарабынан “Киа К5” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөп, кызматкерлерге ыӊгайлуу шарт жаратаарын белгиледи. Ошондой эле милицияга колдоо көрсөткөн АкмалбекЗакировдун иштерине ийгиликтерди жана үй-бүлөсүнө бакыт каалады.

Мындан сырткары ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын кенже сержанты Шерныяз Айбек уулуна “Алыш” белбоо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы тапшырылды. Ошондой эле Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналып Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Алыш” күрөшү боюнча мелдеште 3-орунду ээлегендиги үчүн медаль жана диплом ыйгарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17