Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
763 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, […]
764 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, […]
ИИМдин 3 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМУ БОЛДУ
28.04.2023 / Автор anarkan_kg765 Бардыгы /
БИШКЕК. Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери жана орун басарлары катышты. Ал эми облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилеринин калган орунбасарлары, райондук –шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери онлайн форматта катышышты. Коллегиялык отурумдун негизги темасы катары республиканын ички иштер органдарынын 2023-жылдын 3 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, жарандардын кайрылуулары, арыз даттануулары, алардын чечилиши, элди тейлөөнүн сапаты жана жол коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлгөн иш- чараларынын жыйынтыгы тууралуу маселелер талкууланды.
Коллегияда Адылбек Бийбосунов: “2022-жылдын жыйынтыгы менен болуп өткөн коллегияда бир катар кемчиликтерди белгилеп, актуалдуу маселелерди талкуулап, маанилүү чечимдерди кабыл алганбыз. Ротация боюнча чечимдерге ылайык, шаардык, райондук бөлүмдөрдүн башчыларын, аймактардагы башкармалыктардын жетекчилерин ротацияладык. Бул иш-чара ушуну менен токтоп калбайт, дагы улантылат. Анын алкагында жүктөлгөн
милдеттерин ишке ашыра албаган жетекчилер ээлеген кызматтарынан бошотулат. Ротациянын негизги максаты – коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо, элге сапаттуу кызмат көрсөтүп, коомчулуктун милицияга болгон ишенимин жогорулатуу болуп эсептелет.
Андан тышкары дагы бир өзгөрүүнү белгилеп өтөйүн. Президенттин
Жарлыгынын негизинде Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Атайын байланыш кызматы” баардык финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди. Азыркы
учурда биздин ишмердикке шайкеш келтирүү боюнча уюштуруу процедурасын жүргүзүп жатабыз.
Эң негизгиси элге ыңгайлуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүп, ички иштер органдарынын алдына коюлган талаптарды так аткаруу ар бириңиздердин башкы милдетиңиздер болушу керек.
Элге аруу таза ой менен, чын жүрөктөн кызмат кылыңыздар. Анткени, милиция – намыс, абийир, калыс деген принциптерди сактап, коом үчүн, журтубуздун коопсуз жашоосу үчүн мыйзам чегинде чынчылдык менен иш алып барган орган экендигин баса белгилеймин,- деди министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө.
Коллегияда биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын начальниги, милициянын подполковниги Бактыбек Кенжегулов өз баяндамасында, ички иштер органдарынын 2023-жылдын биринчи чейрегиндеги
уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгилеп, коюлган тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы боюнча кеңири баяндама жасады.
Коллегиянын жүрүшүндө 2023-жылдын 3 айында ички иштер органдары өлкөнүн бардык аймактарында жалпы элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып келгендиги белгиленди.
2023-жылдын 3 айында ички иштер министрлиги укук коргоо чөйрөсүндө коюлган милдеттерди чечүүнү камсыз кылды жана укук тартибин коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка олуттуу иш-чараларды өткөрдү.
Ички иштер органдарынын ишин ар тараптан жакшыртуу боюнча оң
натыйжаларга жетишти, санариптештирүү, ротациялоо, борбордо жана региондордо калкка сервистик кызматтарды көрсөтүү, коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырды,- деди Бактыбек Кенжегулов.
Башкы прокуратуранын статистикалык маалыматы көрсөтүп тургандай, 2023-жылдын 1-чейрегинде укук коргоо органдары тарабынан жалпы 12 миң 222 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен, 11 миң 443 кылмыш иштери ички
иштер органдары тарабынан козголуп, кылмыштардын 93,6 пайызын түздү.
Кылмыш бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 47,6 пайызды түздү.
Милиция менен коомчулуктун ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында YouTube каналында, Facebook, Instagram, Telegram, Twitter, башка соцтармактарында ИИМдин расмий баракчалары жана аккаунттары түзүлүп, натыйжалуу иштеп жатат. Республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына, соцтармактарга ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө 3 ай ичинде 14710 материалдар жарыяланып, коомдук тартипти сактоо багытында ар тараптуу 100 чукул видеороликтер жарыяланды. Учурда бул багытта да ишмердүүлүктү мындан дагы күчтөндүрүү
максатында иш аракеттер көрүлүүдө.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
30.11.2023 / Автор anarkan_kg ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ КАДАМЖАЙ РАЙАКИМЧИЛИГИНИН АЛДЫНАН АЛЫНДЫ
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ӨЗБЕКСТАНДЫН БАШКЫ КОНСУЛДУГУ ИШКЕ КИРИШТИ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.