Аймак

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ

 2,289 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 28-апрелде Курманбек баатыр атындагы балдар лицейи Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аттуу китеп окуу сынагын өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, лицейдин жетекчилиги катышты.

Сынак мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер арасында өтүп, жалпы 290 адам катышты. Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

Аталган сынакты өткөрүүгө шаар бюджетинен 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17