Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 870 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 8-майда ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде жаңы автоунаалар тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ушул жылдын аягына чейин заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп келет. Анын натыйжасында демөөчүлөр тарабынан ИИМге берилген автоунаалардын ичинен 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Лада Гранта» үлгүсүндөгү кызматтык автоунааларды Жалал-Абад ОИИБге тапшырды.

Жалал-Абад ОИИБдин имаратында жаӊы кызматтык автоунаалар Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

Жаӊы автоунаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи. Жарандардын кайрылган бардык чакырууларына ыкчам жетип барып чара көрүү, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюу, кылмыштын бетин ачуу, күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарылдыгын айтты. Коюлган милдеттерди так аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Мындан сырткары кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жана Ички аскерлердин 7704 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери сыйланышты.

Белгилей кетсек буга чейин дагы Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү 3 даана кызматтык автоунааларды берилип, алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17