Аймак

ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ҮЧ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ

ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ҮЧ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ

 762 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 30-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII  сессиясынын алдында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесиндеги Маманов Каныбек Тойчубековичге, Исматуллаев Эркин Эргашходжаевичге жана Эркулова Мадина  Абдурашидовнага мандат тапшырылды. 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин маалымат борбору билдиргендей,

Жы келген депутаттарга күбөлүк жана төш белгини  шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди  каалашты.

Эскерте кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Заттарбек Боронбаев  Жалал-Абад шаардык “Жол” башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми аталган фракциянын депутаттары  Караева Наргиза Ибраимовна  жана Каримов  Бабаравшан  Сапарбекович өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17