Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН МАСЫ АЙЫЛЫНДА 150 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

НООКЕН РАЙОНУНУН МАСЫ АЙЫЛЫНДА 150 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

 858 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 1-июнда Ноокен районунун Масы айылында 150 орундуу жеке менчик мектеп пайдаланууга берилди.

Масы айылындагы башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык насыясы менен курулду.

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Президенттин облустагы өкүлү билим берүү мекемесинин ачылышы бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жеткинчектерге жана жергиликтүү тургундар үчүн чоң белек болгонун айтты. Өкүл фонддун Жалал-Абад облусундагы ар тармактуу натыйжалуу кызматташтыгына токтолуп, ыраазычылык билдирди.

Мындан сыртканы, аталган фонд айылдагы жеке менчик медициналык борбордун заманбап жабдыктарын алууга көмөк көрсөткөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17