Аймак

Максымбек ОМОКЕЕВ: “ОШ ШААРЫНДА “ЭЛЕКТРОНДУК РЕЦЕПТ” СИСТЕМАСЫ ЫРААТТУУ ИШТЕП ЖАТАТ”

Максымбек ОМОКЕЕВ: “ОШ ШААРЫНДА “ЭЛЕКТРОНДУК РЕЦЕПТ” СИСТЕМАСЫ ЫРААТТУУ ИШТЕП ЖАТАТ”

 1,002 Бардыгы /

          Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун (ММКФнын) Ош аймактык башкармалыгына республикалык бюджеттен жыл сайын 5 миллиард сом ажыратылат. Мынча каражат деги кандай максаттарга гана жумшалып жатат? Мунун чоо-жайын аталган башкармалыктын директору Максымбек ОМОКЕЕВден кенен-чонон сураштырдык.

  • Максымбек мырза, азыркы заманда 5 миллиард сом эбегейсиз чоң 

каражат эмеспи. Андыктан, мынча каражатты деги кандай максаттарга пайдаланып жатасыздар?

  • Ачыгын айтайынчы. 5 миллиард сомдун 70 пайызы ММКФнын 2500

медициналык кызматкерине маяна сыңары төлөнөт. Ал эми 9 пайызы сапаттуу дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды гана сатып алууга сарпталат. Мындан тышкары 4,5 пайызы тамак-ашка төлөнөт. Дагы 4,5 пайызы медициналык мекемелердин коммуналдык чыгымдарын төлөөгө жумшалат. 2,5 пайызы медициналык жабдыктарды заманбап жаңылоого сарпталат.

  • А бөйрөк дартына чалдыккандарга ММКФда атайын каражат

каралган эмеспи?

  • Кантип? Булардын канын тазалоочу гемодализге дагы 233 миллион

сом сарптайбыз. Анткени, дал азыр бөйрөк оорусуна чалдыккандардын саны Ош жергесинде дээрлик 400 кишиге чукулдады.

  • Албетте, бүгүнкүдөй кыйчалыш заманда элден милдеттүү

медициналык камсыздандыруу (МКК) үчүн каражат чогултуу деле оңбогондой азапка айланбадыбы?

  • Абдан туура баамдапсыз. Маселен, Ош облусунун калкы медициналык

камсыздандыруу үчүн бизге 272 861 полиси планда бекитилген. Тилекке каршы, дал ушул күнгө карата 5294 полис гана сатылды. Бул бекитилген пландын 1,9 гана пайызын түзөт. Ошондуктан, ММК полисин калк арасында кеңири жайылтуу максатында биз Ош шаарынын жана дагы Ош облусунун аймактарындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын ректорлору, ички иштер башкармалыктарынын, прокуратура, сот жана бажы органдарынын жетекчилери менен тынымсыз жолугушуп, алар менен абдан тыгыз иштешип жатабыз.

  • “Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык

камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык кимдер милдеттүү түрдө медициналык камсыздандырылууга тийиш?

  • Жумушсуз жарандар, тигүүчүлөр, үй кызматкерлери, айдоочулар,

базарлардагы соодагерлер, дыйкан чарба мүчөлөрү, Кыргызстандын аймактарында убактылуу жүрүшкөн чет өлкө жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ЕврАзия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерде иштебеген жарандар жана булардын үй-бүлө мүчөлөрүмилдеттүү түрдө медициналык жактан камсыздандырылат.

  • МКК полиси, мисалы. Ош облусунда жана Ош шаарында ушул

тапта канча кишинин колунда бар?

  • Ушул тапта Ош облусунда жана дагы Ош шаарында 1 643,3 миң калк

жашайт. А булардын арасынан 1183 миңи, же мындайча айтканда, калктын 72,2 пайызы гана милдеттүү түрдө медициналык жактан камсыздандырылган. Ошондуктан, булардын баарынын тең колунда ММК полиси бар.

  • Айтмакчы, ММК полиси деле бекер берилбейт экен да?
  • Ооба. МКК полиси мекендештерибиз үчүн бир жылга – 1 722 сом.

Качкындар, башпаане издегендер жана жарандыгы жоктор үчүн он эки айга – 1 722 сом. Мындан тышкары чет өлкө жарандарына жана дагы чет өлкөлүк студенттерге алты айга – 8 196 сом, ал эми бир жылга – 16 391 сом.

  • Ошентип, медициналык жактан милдеттүү камсыздандырылган

жарандарга, мындайча айтканда, ММК полиси барларга деги дагы кандай  кошумча кызматтар көрсөтүлөт?

  • Кандын жана зааранын жалпы анализи, зааранын тунмасынын

микроскопиясы, уреталдык мозоктун, вагиналдык мозоктун, какырыктын микроскопиясы, кандагы дартты, заарадагы кантты, кандагы холестеринди аныктоо, электро кардиограмма кызматтары бекер гана жүрүгүзүлөт. Буга улай жолдомосу көрсөтүлсө, кошумча лабораториялык-диаггностикалык изилдөөлөр дагы акысыз.

  • Максымбек мырза, Сиздердин тармакта санариптештирүү

жышааны дегеле байкалбайт ко?

  • Кантип? Кыргыз Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык”

программасын жана “Санарип Кыргызстан-2019-20234” санариптик трансформациялоо концепциясын жана дагы “Жол картасын” ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле медицина тармагына бөлүнгөн каражаттарды үнөмдүү пайдаланып, буга улай калкты сапаттуу дары-дармектер менен толук кандуу камсыздоо жаатында Ош шаарында “Электрондук жеңилдетилген рецепт” мааалымат системасы ишке киргизилип, бул жараян ушул тапта үзгүлтүскүз гана иштеп жаткан чагы. Биздин мындай адекваттуу тажрыйбаны бара-бара Ош облусунун бардык райондоруна дагы жайылтууга аракетибиз абдан күч!

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17