Аймак

БАЗАР-КОРГОН МИЛИЦИЯСЫ СУУГА ТҮШҮҮГӨ КООПТУУ АЙМАКТАРГА ЭСКЕРТҮҮ ТАКТАЙЧАЛАРЫН ОРНОТТУ

БАЗАР-КОРГОН МИЛИЦИЯСЫ СУУГА ТҮШҮҮГӨ КООПТУУ АЙМАКТАРГА ЭСКЕРТҮҮ ТАКТАЙЧАЛАРЫН ОРНОТТУ

 1,197 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 5-июнда Базар-Коргон РИИБдин жана Акман айыл өкмөтүнүн кызматкерлери №51 О.Палванов орто мектебинин окуучуларынын катышуусунда сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчаларын орнотушту.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын көчмө кабылдамасы менен агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана конокторго эскертме баракчалары таратылып, сууга түшүүдө этият болу керектиги эскертилди. Жаш өспүрүмдөрдүн сууга агып же чөгүп кетүү кырсыктарынын алдын алуу максатында ата-энелерге балдарды көзөмөлдөө заралдыгы жеткирилди.

Жай мезгили келип, күн ысып жаткандыгына байланыштуу суу бойлоруна эс алганы келген жарандардын саны көбөйүүдө. Суудагы кырсыктарды калкты суда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Базар-Коргон РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлору тарабынан бул иш-чара сууга түшүү сезону аяктаганга чейин улантылат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17