Аймак

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 729 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык мэриясында 23-июнь- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

майрамдык салтанатка Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлер катышты. 

Шаар  мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жигердүү салым кошкон кызматкерлерге Ардак гамоталарды тапшырышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июнь күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17