Аймак

ОШТО ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТЫНЫН БАШЧЫСЫ АЙБЕК ЖУМАГУЛОВ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

ОШТО ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТЫНЫН БАШЧЫСЫ АЙБЕК ЖУМАГУЛОВ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

 810 Бардыгы /

ОШ. Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул жөнүндө редакциябызга ишенимдүү булактардан билдиришти.

/стүбүздөгү жылдын 28-июлунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50 чакты кызматкери аталган мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго карата нааразычылыгын ачык эле билдиришип, милициянын кайгуул кызматынын алдына митингге чыгышкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлеринин мындай акцияга чыгуусуна жетекчиликтин аларга карата орой мамилеси түрткү жасаган. Алар ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, эки ай мурда дайындалган жетекчи Айбек Жумагулов менен иштеше алышпай турушкандыгын шардана кылышкан.  

Нааразы болгондор ошондой эле презпдент Садыр Жапаровго дагы жети пункттан турган расмий кат жолдошкон. Анда жетекчинин иш убактысын узартып салгандыгын, дарылануу үчүн өргүүгө чыгууга уруксат бербегендигин, кызматкерлерди негизсиз иштен кетиргендигин жана башка дагы жосунсуз кылык-жоруктарын ачык эле жазышкан.

Чогулгандар жетекчилик менен мындан ары иштеше алышпай турушкандыгын ачыкташып, Ички иштер министри Улан Ниязбековду бул ишке чукул көңүл бурууга чакырышкан. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги ушуга байланыштуу комиссия түзүп, ага улай териштирүү иштерин баштаган эле. Айбек Жумагулов бул кызматка май айынын этегинде дайындалган. Ошто милициянын кайгуул кызматынын 200дөн ашуун кызматкери бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17