Аймак

УЛАН НИЯЗБЕКОВ: «30-АВГУСТТАН БАШТАП ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ “КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ” КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ ӨТКӨРҮЛҮП, КООМДУК ЖАЙЛАРДА ТАРТИПТИ САКТОО МАСЕЛЕСИНЕ ӨЗГӨЧҮ КӨҢҮЛ БУРУЛСУН!»

УЛАН НИЯЗБЕКОВ: «30-АВГУСТТАН БАШТАП ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ “КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ” КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ ӨТКӨРҮЛҮП, КООМДУК ЖАЙЛАРДА ТАРТИПТИ САКТОО МАСЕЛЕСИНЕ ӨЗГӨЧҮ КӨҢҮЛ БУРУЛСУН!»

 387 Бардыгы /

БИШКЕК. Бүгүн, 21-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча, анын ичинде 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков: “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп, кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы, өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн, айрым жетекчилер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени, буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогондагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз.
Кызматка жаңы дайындалган кесиптештерге тапшырма: Кыска мөөнөттүн ичинде баардык кемчиликтерди жеринде жоюп, алгылыктуу иш алып барыңыздар” – деп баса белгиледи.
Бул талаптарды өздүк курамга так жеткирип, эл арасында профилактика иштерин ырааттуу жүргүзүнүү катуу көзөмөлгө алыңыздар. Элдин тынчын алган баардык маселелер – ички иштер органдарына тиешелүү экендигин эсиңиздерден чыгырбаңыздар. Анткени, кылмышка каршы күрөшүп, коомдук
коопсуздукту сактоодон тышкары, элди сервистик тейлөө, нааразычылык акцияларын болтурбоо, массалык жана улуттар аралык башаламандыктарга бөгөт коюу багыттары да бар.
Ар бир жетекчи жарандардын жай турмушуна тоскоол болгон баардык кесепеттерге бөгөт коюу иштерин алып барууга жооптуу экендигин баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге элге жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүп нааразычылыктарга жол бербөө чаралары көрүлсүн. Андан тышкары, 10-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын бир мандаттуу
округдан шайлоо болот. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө добуш сатып алуу фактылары аныкталгандыктан, жыйынтыгы жараксыз деп табылган.Добуш сатып алуу, элге туура эмес ой-пикирлерди жайылтуу жана жалпы шайлоо мыйзам бузууларын болтурбоо боюнча, алдын алуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлсүн.
Жогоруда аталган баардык талаптарды, күнүгө эртең менен болуп өтүүчү нускамаларда өздүк курамга айтып, ички иштер органдары саясатка жана жагымсыз көрүнүштөргө аралашпай турганын, өлкөнүн коопсуздугу менен элдин тынчтыгын сактоого милдеттүү экендигин так жеткирип коюңуздар.
Ар бир иш-чара болуп өтүүчү аймактарда жарандардын коопсуздугун
камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө бөгөт коюу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо боюнча иш-милдеттер белгиленди. Баардык жетекчилер, берилген тапшырмалардын негизинде, жүктөлгөн милдеттерди аткарууну колго алыңыздар. Массалык маданий иш-чаралар болуп өтүүчү жерлерди коомдук коопсуздук кызматы менен алдын ала такташып, тиешелүү мамлекеттик органдар, өзгөчө кырдаалдар, медицина бөлүмдөрү, жергиликтүү администрациялардын жетекчилери менен бирге иш алып барыңыздар. Кызматкерлердин тартибине,
кийип жүргөн формасына, сырткы келбетине жана аткарган ишмердигинин ырааттуулугуна өзгөчө көңүл бурулсун.
Элге ыкчам жана сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, 28-август күнү баардык ички иштер бөлүмдөрүндө, башкармалыктарда “саптык кароолор” жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчү көңүл бурулсун. 30-августтан баштап, жалпы ички иштер органдары “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда кызматтык милдеттерди аткаруу жогорку деңгээлде ишке
ашырылсын. Коомдук жайлардагы уурулуктарга, бейбаштыктарга, өз-ара урушууларга жана жалпы эрежелерди бузууларга бөгөт коюлсун. Айыл аймактардан баштап жалпы кырдаалды өз деңгээлинде көзөмөлдөө, келип чыккан маселени жеринде ыкчам чечүү, массалык тартип бузууларга жол бербөө, экстремисттик жана
террордук кылмыштарды алдын алуу үчүн, иш-чарларга башынан аягына чейин биринчи жетекчилер жооптуу болуп бекитилсин.
Андан тышкары, 1-сентябрда билим берүү мекемелеринде жана орто
мектептерде окуу жылы башталат. Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Бир дагы жаш өспүрүмгө же өспүрүмдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин.Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен
биргеликте алдын алуу иш-чаралары уюштурулсун.
Бул багыттагы жумуштар кыска мөөнөттө жөнгө келтирилбесе, өз милдетин аткарбаган, күч-каражатын туура бөлүштүрүп, кайгуул ишмердигин көзөмөлгө албаган жетекчилерге тартиптик жазаларды колдонобуз. Жергиликтүү бийлик органдары жана биргеликте мерчемдүү жерлерге видео-камераларды орнотууну аягына чыгарыңыздар, – деди министр чогулуштун жүрүшүндө.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен
башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад,
Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17