Аймак

ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА

ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА

 3,411 Бардыгы /

Жалал-Абад. “Аялдардын тынчтык банкы” коомдук уюму тарабынан Тогуз-Торо районунда кыз-келиндер үчүн кол өнөрчүлүк жана кийизди кайра иштетүү жаатында окутуу өткөрүлдү.

Окутууга райондон 10дой кол өнөрчү уз-чеберлер өздөрүнүн эмгектерин көрсөтүшүп, 20дан ашуун кыз -келиндерге мастер класс өтүштү. Иш-чарага БУУӨП-ГЭФтин өкүлдөрү Үмүт Жолдошова, Анида Шергалиева жана Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, “Аялдардын тынчтык банкы” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлсана Абытова жана райондун тургундары катышты.

Окутуунун биринчи бөлүгүндө улуттук баалуулуктарды даңазалоо, анын баркын жаш муундарга жайылтуу максатында атайын маалыматтар берилип, атайын көргөзмө уюштурулду.

Окутуунун экинчи бөлүгүндө Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук Көркөм сүрөт музейинин башчысы Бактыгүл Мидинова жана илимий кызматкери Айназик Токтоболотова кол өнөрчүлүк тууралуу мастер-класс өтүп, курак ыкмасы менен сувенир жасоону үйрөтүштү. Ууздар Бурул Сатыбалдиева менен Дарбу Омурбекова шырдак жасоо боюнча кыргыз оймолорунун мааниси, философиясы, ар бир оймодо акылман кыргыз элинин тарыхы, бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолу, жыл өткөн сайын улуттук колориттерибиз болгон кооз оймолор дүйнө элдеринин да кызыгуусун жаратып жатканын айтып, унутта калып бара жаткан уузчулукту жандандыруу учурдун талабы экенин баса белгилешти.

«Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында экотуризмди өнүктүрүү» долбоору БУУӨП-ГЭФ @undpkg тарабынан каржыланып, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду @womens.peace.bank тарабынан ишке ашырылып жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17