Аймак

ЖКККББ: АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТ БОЮНЧА ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 18 998 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ЖКККББ: АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТ БОЮНЧА ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 18 998 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 789 Бардыгы /

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 25-сентябрдан тартып 1-октябрга чейин алдын ала маалыматбоюнча 18 998 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-222;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -271;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-42;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-844;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2717;

-Авто ээнбаштык – 5;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 5167;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –9727;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1270 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17