Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
817 Бардыгы / Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-октябрда Баткенде өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап […]
818 Бардыгы / Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-октябрда Баткенде өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ДЕЛЕГАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ ЧЕК АРА БОЮНЧА ПРОТОКОЛГО КОЛ КОЮШТУ
03.10.2023 / Автор anarkan_kg

819 Бардыгы /
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-октябрда Баткенде өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган.
Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкен.
Эки тараптын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору калган бөлүктөрдө долбоордук линияны баяндап жазуу боюнча ишти улантары маалыматта белгиленген.
Өкмөттүн сайтына чыккан кабарда жолугушууда протоколго кол коюлганы айтылган, бирок ал документтин мазмуну тууралуу маалымат жок. Кездешүү “өз ара түшүнүшүү маанайында өттү” деген сүйлөм менен жыйынтыкталган.
Мындан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менен Согд облустук администрациясы да ушундай эле маалымат таратып, протоколдун мазмуну тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Расмий маалымат чыгардан мурда президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын делген журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукта “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартты” деп жарыялаган.
УКМКнын төрагасы Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Мындай жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун айткан.
Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүрүп жаткан.
Чектеш аймактардагы тактала элек тилкелерде маал-маалы менен жаңжал чыгып турган.
2021-жылдын жазында, 2022-жылдын күзүндө катуу куралдуу кагылыш болуп, эки тараптан тең жоготуулар болгон. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин күнөөлөгөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.