Аймак

ТАШИЕВ МЕНЕН ЯТИМОВ ТАЖИКСТАНДА ЖОЛУГУШТУ

ТАШИЕВ МЕНЕН ЯТИМОВ ТАЖИКСТАНДА ЖОЛУГУШТУ

 765 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Тажикстандын Согди облусуна караштуу Бустон шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушушту.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул жолугушуунун жүрүшүндө чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линиянын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарыл экендиги баса белгиленгендигин билдирди. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор акыркы жолу ушул жылдын 11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында жолугушкан.

Баса, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 чакырым такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экендигин ырасташкан.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17