Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
457 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай Айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Таш айылына курулган Ысак Жорокулов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга тапшырылды. Бул салтанатка Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган эл өкүлдөрү дагы катышышты. Баса, аталган мектептин буга чейин колдонулуп келген имараты өткөн кылымда, 1974-жылы ашар жолу менен курулуп, 2014-жылы авариялык акыбалда экендиги боюнча Өзгөчө […]
458 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай Айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Таш айылына курулган Ысак Жорокулов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга тапшырылды. Бул салтанатка Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган эл өкүлдөрү дагы катышышты. Баса, аталган мектептин буга чейин колдонулуп келген имараты өткөн кылымда, 1974-жылы ашар жолу менен курулуп, 2014-жылы авариялык акыбалда экендиги боюнча Өзгөчө […]
КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНДА 150 ОРУНДУУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
04.12.2023 / Автор anarkan_kg459 Бардыгы /
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай Айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Таш айылына курулган Ысак Жорокулов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга тапшырылды. Бул салтанатка Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган эл өкүлдөрү дагы катышышты.
Баса, аталган мектептин буга чейин колдонулуп келген имараты өткөн кылымда, 1974-жылы ашар жолу менен курулуп, 2014-жылы авариялык акыбалда экендиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу дагы чыккан. Ушуга ылайык өткөн жылы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган эле.
Билим журтунун ачылыш аземинде жергиликтүү тургундарды, мугалимдер менен окуучуларды жаңы билим уясы менен куттуктаган Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын максаты туурасында дагы учкай кеп кылды: – Элибизде “Миң уккандан – бир көргөн артык!” – деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, табияты катаал тоолуу райондо жашаган жергиликтүү калк менен юетме-бет жолугушуп, көйгөйлөрүн өз көзүбүз менен көрүп, маселелерин жеринде тыңдоо үчүн учуп келдик. Баарыбызга маалым, Кыргызстандын көпчүлүк калкы тоолуу райондордо жансакташат. Андыктан, бийик тоолуу аймактарды ыраттуу өнүктүрүү, андагы жашаган калктын турмушун ого бетер жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени, элет өнүкмөйүн, өлкөбүз дагы алдыга жылбайт!
Буга улай эле өлкөбүздө жүзөгө ашырылып жаткан реформаларга токтолгон Жогорку Кеңеш төрагасы НурланбекШакиев экономикалык жааттагы жетишкендиктер туурасында дагы өзүнчө кеп кылды. Мындан тышкары уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу менен аларга каржылык колдоо көрсөткөндөрдү аныктоо жаатында дагы олуттуу иштер жасалып жаткандыгын баса белгилеген парламент спикери Нурланбек Шакиев мыйзам үстөмдүгү баарынын бийик тураарын, өлкөдөгү туруктуулук өнүгүүгө гана өбөлгө экендигин кошумчалады. Муну менен катар акыркы үч жыл аралыгында айлык маяналар, жөлөк пулдар, пенсиялар бир нече эселеп көбөйтүлгөндүгүн эске салып, буларды заман талабына жараша дагы көтөрүү маселеси каралып жаткандыгын кошумчалады
- Бирок заманбап мектептер салынып, мугалимдердин эмгек акысы
жогорулатылып жатканына карабастан, билим берүүнүн сапаты өтө эле төмөндөп баратат. Андыктан, түзүлгөн шартты туура пайдаланып, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз кажет! Айрыкча элет жериндеги балдарга татыктуу таалим-тарбия беришибиз абзел! Анткени, тоолуу элдин арасынан таланттуу, өнөрлүү инсандар, эл башкарган азаматтар арбын чыгат! – деп чырылады Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев.
Белгилей кетчү жагдай: Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин депутаттары Сүйүнбек Өмүрзаков, Улан Примов, Эмиль Токтошев, Нуржигит Кадырбеков, Азамат Исираилов, каржы министринин орун басары Руслан Татиков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрүштү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ӨЧПӨС ОТ” ЖАНДЫРЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 797 ОКУУЧУ 11-КЛАССТЫ АЯКТАДЫ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУКТАР КАЗАНЬ ШААРЫНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.