Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ЖАНА ОШ ОБЛУСУНУН БАЗАРЛАРЫНДА ИЖАРА АКЫСЫ 50 ПАЙЫЗГА ДЕЙРЕ АРЗАНДАТЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНЫН ЖАНА ОШ ОБЛУСУНУН БАЗАРЛАРЫНДА ИЖАРА АКЫСЫ 50 ПАЙЫЗГА ДЕЙРЕ АРЗАНДАТЫЛДЫ

 819 Бардыгы /

Ош шаарындагы жана Ош облусундагы базарлардын соодагерлерине ижара акысы 20 пайыздан 50 пайызга дейре арзандатылды. Бул туурасынглда Кыргыз Республдикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМКдан) билдиришти.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, аталган шаар жана облустагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мунун жыйынтыгында ири базарлардын ээлери бул демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Маселен, Ош шаарында «Келечек» ЖЧКсы – кийим-кече базары ижара акысын 30 пайызга, «Кудайберди» ЖЧКсы – автоунаатетик базары 25 пайызга, «Ош Акташ» АКсы (автоунаатетик базары) 25 пайызга, «ТД Арча» ЖЧКсы 20 пайызга, «Момун Ата Базары» ЖЧКсы 50 пайызга, «Орозбу» кичи базары 25 пайызга, «Фрунзенский» кичи базары  20 пайызга, Бостон кичи базар 30 пайызга, Бексултан» кичи базары 25 пайызга дейре төмөндөттү.

Ал эми Кара-Суу районундагы базар ээлери ижара акысын 20-50 пайызга төмөндөтүштү. А Өзгөн районунда 30 пайызга дейре кыскартышты. Буга улай Ноокат району боюнча ижара акысын 20 пайызга түшүрүштү. Мындагн тышкары Араван районунда ижэара акысы 50 пайызга түшүрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17