Аймак

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДАГЫ ЖАЛПЫ ДАРЫГЕРЛИК ПРАКТИКА БОРБОРУНДА ТЕЗ ЖАРДАМ БӨЛҮМҮ ИШКЕ КИРИШТИ

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДАГЫ ЖАЛПЫ ДАРЫГЕРЛИК ПРАКТИКА БОРБОРУНДА ТЕЗ ЖАРДАМ БӨЛҮМҮ ИШКЕ КИРИШТИ

 888 Бардыгы /

          Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында Жалпы дарыгерлик практика борборунун тез жардам бөлүмү ачылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Жоробаев катышышты. Ушуга улай Өкмөт мүчөсү Алымкадыр Бейшеналиев аталган оорукананын материалдык-техникалык ал-акыбалы менен жеринде таанышып, мында дарылангып жатышкан бейтаптарга карата камкордук, шарт жагдайдын түзүлүүсү жана дарыгерлер менен кызматкерлердин кесиптик милдетин аткаруудагы ишмердүүлүктөрүн дагы текшерди. Мындан тышкары министр Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборундагы «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын иши менен дагы таанышты. Дарыкана жарандардын көптөгөн кайрылуу жана суранычынын негизинде гана уюштурулган.

Иш сапарынын соңунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпы оорукананын жамаатын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен чык ыкластан куттуктап, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Жоробаев экөөлөп эстелик үчүн оорукананын короосуна арча көчөтүн тигишти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17