Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 38,35 ЧАКЫРЫМЫ ТАКТАЛЫП БҮТТҮ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 38,35 ЧАКЫРЫМЫ ТАКТАЛЫП БҮТТҮ

 555 Бардыгы /

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Баткен шаарында аяктады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын  министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Ошентип, тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө топографиялык жумушчу топтор Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын акыры макулдашышты.
          Эми тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти дагы улантышат. Аталган жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул кездешүү достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17