Аймак

АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТЫНДА КЫТАЙГА БАРДЫ

АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТЫНДА КЫТАЙГА БАРДЫ

 2,511 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна барды. Анын алкагында Шихецы шаарынын мэри Гэ Чжихой менен жолугушту.

Тараптар Жалал-Абад облусу менен Шихецы шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу, инвестициялык климатты түзүүдөгү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты. Облус башчысы аймакта айыл чарбасы, чакан ГЭС куруу, тоо-кен тармагы, курулуш жана кайра иштетүү багыттарын өнүктүрүүдө ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жумушчу делегация Шихецы шаарындагы айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы бир катар заводдор, өндүрүштүк мекемелерди, курулуш жаатында иш алып барган компаниялардын жана шаар коммуникациясын электрондук башкаруу мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аны менен бирге шаардын тарыхый музейин көрдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17