Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ОШ ШААРЫНДА КЕЗЕКТЕГИ ТАШТАНДЫ ЫЛГООЧУ АЯНТЧА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА КЕЗЕКТЕГИ ТАШТАНДЫ ЫЛГООЧУ АЯНТЧА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 153 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Төрөбай Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн, турмуш-тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны пайдаланууга тапшырды.

          Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аталган долбоор менен жеринде кеёири таанышып, шаардыктардын таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу максатында гана жүзөгө ашырылып жаткан долбоор шаардагы экологиялык акыбалды мындан ары бир топ жакшыртаарын баса белгиледи. Ошондой эле мындай аянтчалар шаардын бардык аймактарында дагы үстөккө-босток курулаарын кошумчалады.

          Белгилей кетчү жагдай: буга дейре шаар аймагында, тактап айтканда Гапар Айтиев, Эргеш Алиев, Александр Пушкин, Алай, Ленин көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында дагы таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга тапшырылган эле. Ошентип, шаар аймагы боюнча быйыл дагы жалпысынан 10 таштанды ылгоочу аянтчалар курулат. Бул долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан өз эсебинен гана ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын ого бетер жакшыртууга гана багытталган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17