Аймак

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ АЛАЙ ЖАНА БАТКЕНДИГИ АЛТЫН КЕНДЕРИН КАЗУУНУ ПЛАНДАШТЫРЫП ЖАТАТ

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ АЛАЙ ЖАНА БАТКЕНДИГИ АЛТЫН КЕНДЕРИН КАЗУУНУ ПЛАНДАШТЫРЫП ЖАТАТ

 564 Бардыгы /

Кыргыз бийлиги Кыргызстандагы үч жерде алтын кенин казууну пландаштырып жатат. Буга улай дагы эки кварц кени иштетиле тургандыгы дагы маалымдалды. Бул туурасында “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынын директору Кубат Абдраимов маалымдады.

          Кубат Абдраимовдун айтымында, аталган долбоорлор жакынкы беш жылда жүзөгө ашырылмакчы. Алдыда алтын казыла турган жерлер: Алай районундагы Каракала-Терек кени, алтындын болжолдуу запасы 2,8 тонна; Баткендеги Чукуш кени, ушул тапта чалгындоо иштери жүрүп жатат.

          “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынын директору Кубат Абдраимов аталган жер казыналарында кошумча чалгындоо жүргүзө турган тилкелер дагы бар экендигин кошумчалады: – Алтын казуудан тышкары эки кварц кенин иштетүүнү кошо пландаштырып жатабыз. Бүгүнкү күндө бизде керектүү кадрлар жана техникалык потенциал дээрлик бар. Казармандан дагы көмүр казуу ниетиндебиз. Кышындасы «Макмал голд компани» ишканасынын жабдыктары толук кандуу иштетилбей жатат. Техниканы жана  кадрларды рационалдуу пайдалануу максатында биз башка жактан дагы көмүр казууну чечтик.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17