Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАШЫРУУН МЕДРЕСЕНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ БӨГӨТ КОЮЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАШЫРУУН МЕДРЕСЕНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ БӨГӨТ КОЮЛДУ

 210 Бардыгы /

          Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ушул жылдын 11-мартында жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгү аныкталып, ишине бөгөт коюлгандыгын маалымдады.

          УКМКнын басма сөз кызматы 15-мартта тараткан маалыматка караганда, өзүнүн диний билими жок 25 жаштагы М.Х.А. жашаган жеринде 6-9 жаштагы 12 балага диний сабак берип жүргөн. Сабактар күн сайын саат 09:00-12:00 аралыгында өткөрүлүп келген. Сабак өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга таптакыр жооп бербейт. Балдарга Муфтияттын текшерүүсүнөн өтпөгөн китептер менен эле сабак берилген. Айрым балдар узак убактан бери мектепке барбай, медресеге каттап келишкени аныкталды.

          Ошентип, тыкыр текшерүүнүн жыйынтыгында М.Х.А.га “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам жана “ Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык  7500 сом айып салынды. Мындан тышкары жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан жашы жете элек балдарды орто мектептерге тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Баса, УКМК былтыр Бишкекте, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылгандыгын кабарлаган. Айрымдарында өрт өчүрүү жабдуулары жок экендиги, коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы айтылган. Ал эми жабылган мечиттер маселеси парламентте бир канча жолу көтөрүлгөн.
          Кыргызстанда жалпы жонунан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөрүлгөн. Өлкөбүздө ушул тапта 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17