Аймак

ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНА ЭМИ 27 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ЧАКАН ГЭС КУРУЛАТ

ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНА ЭМИ 27 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ЧАКАН ГЭС КУРУЛАТ

 186 Бардыгы /

Обьектини куруу боюнча келишим “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен “Гидроэнергетика куруу боюнча Кыргыз-Кытай биргелешкен коому” ишканасынын ортосунда түзүлдү. Ошентип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлгандыгын Энергетика министрлигинен тастыкташты.

 Маалыматка караганда, аталган келиишим “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен “Гидроэнергетика куруу боюнча Кыргыз-Кытай биргелешкен коому” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн. Документке ишкана башчылары Нурлан Садыков менен Цзян Лицзи кол коюшту.

МААЛЫМАТ ИРИТЕНДЕ: Папан суу сактагычы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайланышкан. Макулдашуу боюнча, анда кубаттуулугу 20-25 мегаваттка чейинки чакан ГЭС курулмакчы. Аталган мекемеден белгилешкендей, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт. Ошондой «Гидроэнергетика куруу боюнча Кыргыз-Кытай биргелешкен коому» ЖКЧсы Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алгандыгын дагы кошумчалашты.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17