Аймак

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ПРЕЗИДЕНТТИН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ИШИН КАТУУ СЫНДАДЫ

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ПРЕЗИДЕНТТИН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ИШИН КАТУУ СЫНДАДЫ

 459 Бардыгы /

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын кезектеги жыйынында президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн ишин кескин түрдө сынга алды.

Кыргыз Өкмтүнүн башчысы Акылбек Жапаров Ош облусу Кыргызстандагы эң чоң облустардын бири экенин белгиледи: – Ошого карабастан өткөн жылы аймакта 1 миң гана жумушчу орун түзүлгөн. Ошол эле учурда Баткен облусунда 5,5 миң жаран жумушка орношкон. Туризм тармагында дагы абдан төмөн көрсөткүч белгиленүүдө. Ош шаары жана Ош облусунун көрсөткүчтөрү биригип Нарын облусунун көрсөткүчүнө дагы жетпейт. Мындай болбойт! — деп аябай тызылдады Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров.

Баса, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаевдин иши буга дейре дагы президент Садыр Жапаровдун сынына деле кабылган. Тилекке каршы, андан дагы таптакыр жыйынтык чыккан эмес!

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17