Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
361 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районундагы Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленип, коруктун заманбап эки кабаттуу, бардык шарты менен курулган кеңсесинин да ачылыш аземи болду. Аземге Кашка-Суу айылынын эли,коруктун ардагерлери, райондун жетекчилери келишти. Кеңсенин ачылыш аземине Кыргыз республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Мирислав Аманкулов, жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө […]
362 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районундагы Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленип, коруктун заманбап эки кабаттуу, бардык шарты менен курулган кеңсесинин да ачылыш аземи болду. Аземге Кашка-Суу айылынын эли,коруктун ардагерлери, райондун жетекчилери келишти. Кеңсенин ачылыш аземине Кыргыз республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Мирислав Аманкулов, жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө […]
ПАДЫША-АТА КОРУГУНУН 20 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
08.05.2024 / Автор anarkan_kg363 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районундагы Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленип, коруктун заманбап эки кабаттуу, бардык шарты менен курулган кеңсесинин да ачылыш аземи болду.
Аземге Кашка-Суу айылынын эли,коруктун ардагерлери, райондун жетекчилери келишти. Кеңсенин ачылыш аземине Кыргыз республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Мирислав Аманкулов, жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директору Азамат Кенжебаев, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Замирбек Сыдыков келип жаратылыш коругунун кызматкерлерин коруктун уюшулгандыгынын 20 жылдык мааракеси жана заманбап эки кабаттуу жаңы кеңсесинин ачылыш аземи менен куттукташып, коруктун кызматкерлерине баалуу белектерди тапшырышты. Жаңы имараттын курулушуна 7798442 сом каражат жумшалды. Салтанатта токойчуларга мындай камкордук көп жылдардан бери болбогондугу айтылып Президентке, министрдин дарегине ыраазылыктар айтылды. Райондун ардагерлери Абдыкайым Өмүрбеков, Кеңеш Ибраимов куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты. Аземде бир катар мыкты иштеген кызматкерлерге ардак грамоталар, медалдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
2003-жылы Аксы районунун Авлетим токой чарбасынан Падыша-Ата токойчулугу бөлүнүп, бул аймактын кооздугун, биотүрдүүлүгүн, жан-жаныбарларын сактап, өнүктүрүү максатында Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу түзүлгөн.
Ушул мезгилге чейин коруктун кызматкерлери шарты бар кеңсеси жок, ар кайсы жерде бош жай болсо көчүп конуп иштеп келишкен.
Белгилеп кетүүчү нерсе, учурда 30 миң гектардан ашык аянты, анын ичинен 14 миң гектардан ашык өзгөчө корголууга алынган аянты бар корукта өсүмдүктөрдүн 859 түрү, сүт эмүүчүлөр тобуна кирген 30 түрдүү жаныбарлар, канаттуулардын 51 түрү, андан сырткары кийик, аркар, кулжа, элик, доңуз, камандар, суурлардын 2 түрү, карышкыр, аюу, кекилик, улардын түрлөрү жашайт жана корукка алынган. Падыша -Ата коругунда учурда 26 корукчу токойчулар эмгектенет.
Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
06.11.2025 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ООРУКАНАСЫНЫН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.