Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИ КАСЫМБАЙ ЖОЛДОШОВ БЫЙЫЛ 100 ЖАШКА ТОЛОТ

ОШ ШААРЫНДАГЫ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИ КАСЫМБАЙ ЖОЛДОШОВ  БЫЙЫЛ 100 ЖАШКА ТОЛОТ

 378 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жападан жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов быйыл туптуура 100 жашка толот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда туулган. 1943-жылы согушка кетип, 1950-жылы гана Ата Мекенине кайтып келген. Согуштан кайткандан кийин Ноокат районунун Кеңеш колхозунда фермер, бригадир, кассир болуп эмгектенген. Байбичеси, уулу өтүп кеткен. Ушул тапта небереси Медербек Касымбаевдин колунда турат. 1 кыз, 27 небере, 55 чебере, 3 кыбырасы бар.

Касымбай Жолдошов Улуу Ата Мекендис согуш жылдарындагы эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары жана аскер сыйлыктары менен сыйланган.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17