Аймак

Акуш АСАНБАЕВ: “ӨЗГӨН ЖЕРГЕСИНДЕ 13 МЕКТЕП, 3 БАЛА БАКЧА АВАРИЯЛЫК АКЫБАЛДА!”

Акуш АСАНБАЕВ: “ӨЗГӨН ЖЕРГЕСИНДЕ 13 МЕКТЕП, 3 БАЛА БАКЧА АВАРИЯЛЫК АКЫБАЛДА!”

 483 Бардыгы /

        Өзгөн району – Ош облусундагы гана эмес Кыргызстандагы эң чоң Аймактардын бири. Ошондуктан, бул өрөөндө 98 орто мектеп, 84 бала бакча бар. Бирок, элет жергесинде мугалимдер таңкыстыгы дагыле күч. Кабарчыбызга курган маегинде бул өңүттү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш АСАНБАЕВ деле жашырган жок.

  •  Акуш агай, Сиз мурда Ош облусуна караштуу Ноокат

райондук билим берүү бөлүмүн жетектөөчү эмес белеңиз. Ал эми былтыртан бери Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысысыз. Дегиңкиси жетекчи кадрларды ротациялоо (алмаштырып иштетүү) өзүнүн үзүрүн берчүүдөйбү?

  • Албетте! Ротация – бул мезгилдин эч кечиктирилгис талабы.

Муну президентибиз Садыр Жапаров илгиртпестен убагында гана аңдап, аталган жараянды андан ары ийгиликтүү түрдө бүтүндөй Кыргызстан боюнча мыкты жүзөгө ашырып жатат. Биринчиден, тааныш-билишчилик балакети дээрлик тыйылды. Экинчиден, коррупция (жемкорлук) уламдан улам азайып гана баратат.

– Ушул тапта Өзгөн районунда канча билим берүү жана таалим-тарбия мекемеси бар?

– Биздин районубузда жалпы жонунан билим берүүчү – 97, ал эми сырттан окутуучу – жападан жалгыз мектебибиз бар. Булардын үчөөндө сабактар – орус тилинде, 88инде  – кыргыз тилинде, ал эми 7синде – аралаш тилдерде гана окутулат. Районубуздагы 40 402 окучууга – 2906 мугалим, а бала бакчадагы 6963 бөбөккө – 477 тарбиячы заманбап таалим-тарбия берип келатышат.

– Канткен күндө дагы кадрлар таңкыстыгы Сиздердин деле кендириңиздерди ушул тапта куп гана кесип жаткандыр?

– Өзгөн районундагы мектептер 99,3 пайыз педагогикалык кадрлар менен камсыз этилген. Ошентсе дагы элеттеги билим журттарыбызда 4 англис тили, 3 биология, 2 физика, 2 көркөм өнөр, 3 музыка мугалими жетишпейт. Ошондой эле орус тили, тарых, математика, география жана дене тарбия окутуучулары дагы өтө таңкыс!

  – Сиздер адатыңыздарча кол куушуруп “Алма – быш! Оозума – түш!” деп гана жамбаштап жатпастан, маселени маалкатпай шыр чечпейт белеңиздер?

Кыйчалыш заманда биздин деле жамбаштап жаткан жерибиз жок! Ушул тапта жетишпеген адистерди толук кандуу тартуу максатында быйыл сентябрь айына карата керектелүүчү адистерге мектептерден талапнаамаларды чогултуп жатабыз. Анткени, жакында жогорку окуу жайлардын педагогикалык багыттагы бюджеттик бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн мектептерге бөлүштүрүү жараяны жүрөт. Дал ошондон биз дагы четте калбайбыз. Активдүү гана аралашабыз. Ушинтип биз биринчи кезекте зарыккан эң алыскы аймактарды жапжаш адистер менен толуктамакчыбыз.

– Баса, кенже (башталгыч) класстардын окуучуларына айрым райондордо ысык тамак берүү жагы чоң көйгөйгө айланбадыбы? А Сиздердечи?

– Кудай сактасын! Азырынча бизде мындай олуттуу көйгөй жарала элек. Мерсико жана БУУнун азык-түлүк программасы эл аралык уюмдары 24 мектепте 16 516 бөбөктү ысык тамак менен үзгүлтүксүз гана камсыз этип келатат. Демек, жалпы көрсөткүч 94,5 пайызды чапчып олтурат. А калгандарынын дагы аргасын биз издештирип жатабыз.

– Айтмакчы, мектеп окуучуларын окуу куралдары менен жетиштүү камсыздоо жагы деги кантти?

– 2023-20024-жылкы окуу жылында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Өзгөн районунун мектептери 20 567 даана окуу куралдары менен камсыз этилди. Тактап айтканда, кыргыз тилдүү мектептер – 75,18 пайыз, орус тилдүү мектептер – 77,75 пайыз китептер менен жабдылды.

– Ал эми билим берүү сапатычы? Мында жылыш барбы?

– Мугалимдерибиздин медиа сабаттуулугун ого бетер жакшыртууга жана жазуу маданиятын дагы көтөрүп, андан ары калыптандырууга абдан катуу кириштик. Ошондой эле өз ара алдыңкы тажрыйбаларды алмаштыруу ыраса активдештерилди. Агартуучуларыбыздын чеберчилигин арттыруу максатында алар атайын курстарга, буга улай Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү  институтуна байма-бай жөнөтүлүп, ошондой эле ар түрдүү өңүттөгү заманбап мелдештерге жана дагы кароо-сынактарга катышып, а түгүл байгелүү орундарды ээлеп келатышат. Буга улай биз ушул тапта онлайн курстарды ого бетер күчөттүк.

– Акуш агай, Өзгөн району жалпы жонунан тоолуу аймакта гана жайланышкан. Демек, ошол себептүү жаратылыш кырсыктары абдан көп катталат. Авариялык акыбалдагы мектептерден жана дагы бала бакчалардан Сиздер деле куру эместирсиздер?

–  Албетте! Өзгөн району, абдан туура баамдапсыздар, жаратылыш кырсыктары, мындайча айтканда, катаклизми чордонунда гана жайланышкан. Андыктан, авариялык акыбалдагы мектептерибиз – 13. Ал эми 3 бала бакчабыздын деле учурдагы кебетеси абат эмес! Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу дагы бар. Айтмакчы, бул жөнүндө жергиликтүү жана борбордук Бийлик толук кабардар.

Соңку мезгилде 3 мектебибизде капиталдык ремонт абдан кызуу жүрүп жаткан чагы. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дагы 8 мектепке капиталдык ремонт жасалаары күтүлүүдө.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз Акуш АСАНБАЕВ 65 жашта. ОМПИнин – Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУнун) кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин аяктаган. Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) жана Ош облусунун Ноокат райондорунда кыргыз тили адабияты мугалими. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, усулкаана башчысы, Ноокат райондук мамлекеттик акимчилигинде социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, райкеңештин жооптуу катчысы, Ноокат райакимчилигинин аппарат жетекчиси, Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директорунун орун басары сыңары үзүрлүү эмгектенген.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүн алты жыл бою абийирдүү гана башкарган. Ошол себептүү ротацияланып, былтыртан бери Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүн дагы алгылыктуу жетектеп келатат.

Кепке тарткан: Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17