Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “МЕКЕН ДЕМИ” БАЛДАР БАКЧАСЫ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “МЕКЕН ДЕМИ” БАЛДАР БАКЧАСЫ АЧЫЛДЫ

 156 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 14-май күнү Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн “Мекен деми” балдар бакчаксы ачылды.

Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар үчүн, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Ачылыш аземине КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик башчылары, атайын кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери, үй-бүлөлөрү катышты.

Куттуктоо сөзүндө Камчыбек Ташиев өлкө боюнча бардык облус шаарларда ушундай балдар бакчасы курулуп жатканын, көпчүлүк бөлүгүндө курулуштар аяктагынын билдирди. Бул аракеттер Мекен чегинде кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлеринин, атайын кызматтын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн аткарылып жатканына белгиледи. Өлкө башчысы тарабынан жасалып жаткан бул иш-аракеттер кызматкерлерге талапты күчөтүүнүн алкагында, зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн аткарылып жатканы кошумчаланды.

“Мекен деми” балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17