Аймак

АНГЛИС ТИЛИНДЕГИ 12 000ДЕН АШЫК КИТЕПТЕР КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНЕ БИЛИМДИ ЖАНА ДОСТУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛАНДЫ

АНГЛИС ТИЛИНДЕГИ 12 000ДЕН АШЫК КИТЕПТЕР КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНЕ БИЛИМДИ ЖАНА ДОСТУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛАНДЫ

 450 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мектептер, китепканалар жана университеттер, мынлайчяа айтканда, 30 чаты мекеме-уюм АКШдан жалпысынан 12 000ден ашуун англис тилиндеги китептерди алышты. Бул Америка элинен Кыргыз элине тартууланган жакшы көргөн китептери.

Аталган долбоор Фергана өрөөнүнүн Ротари Клубу, Аялдардын Тынчтык банкы коомдук фонду, ОшМУ, АКШ элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарабынан Президенттик Администрациясы, Билим берүү министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы болуп саналат. Аннаполис Ротари Клубунун «Ак ниет үчүн китептер” аттуу эл-аралык долбоору китептерди чогултууда негизги ролду ойногон. Жаш балдардан баштап чоңдорго чейин – ар курактагы адамдарга багытталган, темалардын кеңири спектрин камтыган бул китептер англис тилин үйрөнүү үчүн баалуу булак болуп саналат. Бул белек Кыргыз элине англис тилин үйрөнүүгө, жаңы билимдерди алууга жана кийинки муундарга эл аралык достуктун духун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк жаратат.

  • Берилип жаткан китептер жөн эле кагаз менен сыя эмес! – дейт

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигери, – Булар – англис тилин үйрөнүү дүйнөсүн ачкан ачкычтар жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элдерин байланыштырган көпүрөлөр.

Фергана өрөөнүнүн Ротари клубунун жана Аялдардын Тынчтык банкынын долбоорунун жетекчиси Акылай Карим: – Бул демилге Кыргыз-Америка достугунун, ишениминин жана дагы тыгыз кызматташтыгынын майрамы болуп саналат. Ал оң таасирин узак мөөнөттө тийгизе берет, анткени жаштар бул китептерди окуу менен англис тилин үйрөнүп, келечеги тууралуу чоң тилектерин курушат, – деп агынан жарылды.

Аталган демилге Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эл аралык достукту илгерилетүү боюнча биргелешкен милдеттенмелерин чагылдырат.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17