Аймак

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

 444 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясында футбол боюнча Азия медиа лигадан 1-орунду алган спортчуларды, медиа тармактын өкүлдөрүн жана спорттун Жиу-Житсу түрү боюнча эл аралык мелдеште ийгилик жараткан спортучлар сыйланды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, спортчуларды шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев кабыл алып, спортчуларды шаар мэринин атынан ийгиликтери менен куттуктап, Ыраазычылык баракчаларды тапшырды. Ошондой эле, соңку жылдары спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, шаар бийлиги бул тармакты мындан ары да өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошо турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында өткөн Азия медиа лигасында Жалал-Абад шаарынын “Жалливуд” футбол командасы 1-орунду багындырган.

Азия медиа лигасында Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын аймактарынан жалпы 6 команда күч сынашкан.

Мындан сырткары, Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн спорттун Жиу-Житсу түрү боюнча эл аралык мелдеште чоңдор жана өспүрүмдөр арасында алдыңкы орундарды багындырган спортчуларды да куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17