Аймак

ГУЛИСТАНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫ СНАРИПТИК АЙМАК АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ТУТУМУНА КОШУУ ДЭЭРЛИК АКТИВДЕШТИРИЛДИ

ГУЛИСТАНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫ СНАРИПТИК АЙМАК АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ТУТУМУНА КОШУУ ДЭЭРЛИК АКТИВДЕШТИРИЛДИ

 357 Бардыгы /

        Дал ушул тапта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан Айыл Өкмөтүндө кожолук китептерин Санариптик Аймак автоматташтырылган түйүнүнө кошуу абдан активдештирилди. Бул өңүттө аталган Аймак райондо эң алдыңкы сапта гана баратат.

  •  Ушугезде Айыл Өкмөтүбүздө3464 кожолук, мындайча

айтканда,24 024 адам жашап келатат, – деди Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Акматжан ТАШТЕМИРОВ. – Бүгүнкү күнгө карата 23 442жердешиибиз, же болбосо калкыбыздын дээрлик 93,6 пайызы, ал эми кожолуктун 112 пайызы санариптик каттоодон өткөрүлдү.

        Анткени менен, аталган Гүлистан Айыл Өкмөтүндө ушул тапта калган жарандарды Электрондук Санарип Китебине кошуп жазуу жакын арада толук кандуу аяктамакчы.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17