Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА КАНТТЫН БААСЫНЫН КЕСКИН КЫМБАТТАШЫ КҮТҮЛБӨЙТ

КЫРГЫЗСТАНДА КАНТТЫН БААСЫНЫН КЕСКИН КЫМБАТТАШЫ КҮТҮЛБӨЙТ

 366 Бардыгы /

Кыргызстанда канттын баасынын ыктымал кымбатташы сезондук факторго байланыштуу болушу мүмкүн жана азыркы баасынан 10%дан ашпайт. Бул тууралуу 6-июнда журналисттер менен жолугушууда «Кошой» заводунун Директорлор кеңешинин төрагасы Алмазбек Алтыбаев билдирди.

Өлкөдө стратегиялык продуктунун камдыгы жетиштүү жана бүгүнкү күнгө карата 70 миң тоннадан кем эмес көлөмдү түзөт. Дагы 28,5 миң тонна кумшекер Россия берген квота боюнча ташылып келиши мүмкүн.

Алмазбек Алтыбаевдин сөзү боюнча,мындай тенденция жыл сайын жайкы мезгилде байкалат жана булл калктын консервация жасоо сезонунун башталышына байланыштуу, андан соң канттын баасы түшө баштайт. Ошону менен бирге эксперт, Россия жана Казакстан өздөрүнүн ички рыногун камсыздоо максатында жайдын аягына чейин киргизген кант экспортуна тыюу салу чарасына байланыштуу баалардын өзгөрүүсү болбой турганын баса белгиледи.

«Россия Федерациясы киргизген чараларга байланыштуу баанын өсүшү күтүлбөйт. Ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу. Тыюу салуу учуруна карата биздин кампаларда 50 миң тонна кумшекер сакталып турган, ал эми импортерлордо дагы 30 миң тонна кант бар. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн Россия чектелген көлөмдө экспортко уруксат берген – Кыргызстанга бөлүнгөн кант алуу квотасы 28,5 миң тоннаны түзөт. Жалпы булл көлөм өлкөнүн керектөө деңгээлинен бир топ ашат. Суроо-талаптын мындай катышы менен тартыштык жана баанын кескин өсүшү болбойт. Биздин баалоо боюнча консервация иштеринин башталышы менен азыркы баадан 10% чегинде гана сезондук өзгөрүүлөр болушу мүмкүн», – деди Алмазбек Алтыбаев.

Бул камдык жаңы жылдын түшүмүнө чейин жетиштүү жана Кыргызстан берилген квотаны пайдаланбай да калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Азыркы учурда рынокто россиялык канттын баасы 70-71 сомду түзөт, ал эми ата мекендик канттын баасы 72,20 сом турат. Экспорттук чектөөлөр киргизилген учурдан тартып баалар болгону2%-0,3% өзгөрдү.

«Кайыңды-Кант» ААКтын чийки зат департаментинин жетекчиси Руслан Рафибеков эске салгандай, ишкана жазында фермерлер менен минималдык сатып алуу баасы менен келишим түзөрүн, өндүрүүчү заводдор түшүмдү кабыл алуу үчүн милдеттенме аларын эске салды. Үч жылдан бери баа өзгөрө элек жана чийки заттын бир тоннасы 5400-5500 сомду түзөт. Күзүндө кант кызылчасын кабыл алуу башталганда сезондук баа аныкталат, ал көрсөтүлгөн чектен жогору гана болушу мүмкүн. Өткөн жылы баа 5800-5900 сомду түздү. Ошол эле учурда кызылча өстүргөн фермерде тандоо болот, ал өзү үлүшүн жалаң кумшекер менен, же бир бөлүгүн акчалай, калганын даяр өнүм менен ала алат.

«2019-жылы ЕАЭБ мейкиндигинде ашыкча өндүрүүгө байланыштуу кризис болгондо канттын баасы түшүп кеткен жана биз фермерлер менен эсептешүү шартын өзгөртүп, аларга кантты көбүрөөк бердик. Бул 2022-жылы Кыргызстанда кант кызылчасыны найдоо аянттарынын 45% азайышына алып келди. Натыйжада бир завод а түгүл иш баштаган эмес, ал эми иштебей токтоп калу абдан кымбат турат. Ошондуктан азыр, атүгүл кантын баасы түшүп кетсе дагы биз фермерлер айдоо аянтын кыскартпашы үчүн аларды экономикалык жактан пайдалуу киреше менен камсыз кылууга умтулабыз», – деп айтты Руслан Рафибеков.

Белгилей кетсек, өткөн сезондо кызылчачы дыйкандар 14 миң гектарга кызылча айдашкан. Алынган чийки заттан ата мекендик «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдору 76 миң тонна кант өндүрүштү, ал эми Кыргызстандын жылдык керектөөсү 145 миң тоннаны түзөт. Ошентип ата мекендик өндүрүшчүлөр калктын бул өнүмгө болгон керектөөсүнүн 60% жабышты. Жетпеген көлөмдү республика башка өлкөлөрдөн импорт кылып алат. 

Быйыл кызылчанын айдоо аянты 15 миң гектар жерди түздү. Божомол боюнча, жагымдуу аба-ырайынын жана жетиштүү сугат шарттарында жаңы сезондо өндүрүүчү-заводдор 750-800 миң тонна чийки зат алат жана кайра иштетет, андан 100 миң тоннага чейин кызылча канты алынат.

Кыргызстанда кант кызылчасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында өстүрүлөт. Тамыры жемиш өсүмдүктү өстүрүү менен 3 миңден ашык фермер иш жүргүзөт. Ал эми жалпы кант өндүрүү тармагына 100 миңден ашык киши ишке тартылган.

Команда  Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17