Өлкө аймактары менен кубаттуу
“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
241 Бардыгы / Мындан 40 жыл мурун СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган уулуу химиялык заттар Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерге көмүлгөн. Жалал-Абад облусунун Сузак районунан атайын бөлүнгөн жерлерге жалпы 1876,38 тонна пестицид, анын ичинде СОЗ пестицид-1033,4 тонна көмүлгөн. Аталган жайларды зыянсыздандыруу иш-аракеттери жүрүп жатканы боюнча […]
242 Бардыгы / Мындан 40 жыл мурун СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган уулуу химиялык заттар Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерге көмүлгөн. Жалал-Абад облусунун Сузак районунан атайын бөлүнгөн жерлерге жалпы 1876,38 тонна пестицид, анын ичинде СОЗ пестицид-1033,4 тонна көмүлгөн. Аталган жайларды зыянсыздандыруу иш-аракеттери жүрүп жатканы боюнча […]
СУЗАКТА КӨМҮЛГӨН УУЛУУ ХИМИЯЛЫК ЗАТТАРДЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ
26.06.2024 / Автор anarkan_kg243 Бардыгы /
Мындан 40 жыл мурун СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган уулуу химиялык заттар Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерге көмүлгөн.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунан атайын бөлүнгөн жерлерге жалпы 1876,38 тонна пестицид, анын ичинде СОЗ пестицид-1033,4 тонна көмүлгөн. Аталган жайларды зыянсыздандыруу иш-аракеттери жүрүп жатканы боюнча Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Атабек Матисаев жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Савирбек Томаевдин катышуусундагы Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында айтылды.
Савирбек Томаевдин айтымында, бул иштер «Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Союз учурунда тыюу салынган жана мөөнөтү өтүп кеткен пестициддерди жок кылуу маселесин “Көмүлгөн жерлер” деп аталган жерлерге көмүү жолу менен чечүүгө аракет жасалган. Бул максатта 1973-1980-жылдары аталган пестициддерди көмүүгө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерден атайын жерлер бөлүнгөн.
Атабек Матисаевдин сөзүнө караганда, “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” долбоорунун биринчи этабы жүрүп, аталган аймакка жакыныраак саналган айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Маалыматтык-коммуникациялык кампания 2023-жылдын июлунан 2024-жылдын январына чейин райондордун жана айыл өкмөттөрдүн денгээлинде өткөрүлүп, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Бостон, Орто-Азия айылдарын, Сузак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Дыйкан, Садда, Мазар-Булак айылдарын, Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак, Сасык-Булак, Могол-Коргон айылдарын жана Базар-Коргонду камтыды.
“Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин арасында туруктуу органикалык булгоочу заттардын жана эскирген пестициддердин адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасири, пестициддерди колдонуудагы коркунучтар жана коопсуздук эрежелери боюнча окутуулар жүргүзүлдү.Эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин чечимине ылайык, долбоордун экинчи этабында коопсуздандыруу жумушу колго алынат”,- дейтА.Матисаев.
Маалымат жыйындын катышуучуларынын сөзүнө караганда, аталган участкада сунушталган көмүү реестрине ылайык эскилиги жеткен, органикалык булганууга туруктуу, тактап айтканда биринчи класстагы коркунуч келтирүүчү токсин калдыктары пестициддер көмүлгөн. Анда «Айылчарбахимиясы» ЖЧКты тарабынан инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрсүз эле көмүлүп калган. Талапка жооп берилбей көмүлүп калгандыктан азыркы учурда да кооптуулук жаратат десе да болот.
Савирбек Томаев өз сөзүндө, уулуу химикаттар көмүлгөн жайлар талапка жооп бербегендигине байланыштуу министрлик тарабынан башка жакка көчүрүү же болбосо утилизациялоо боюнча иш алып барылып жатканын айтты.
«Уулуу химикаттар көмүлгөн жайларда 2005-2006-жылдары жергиликтүү калк өз алдынча мыйзамсыз казуу иштерин жүргүзүп жиберишкен. 2010-жылы Ак-Чабыр участкасындагы көмүлгөн жай белгисиз жарандар тарабынан казылып, ал жерге топтолгон суудан мал-жандыктар суу ичкен. Ошонун кесепетинен улам 35 баш мал-жандык ууланып, ошол койлордун этин жеген отуздан ашуун жергиликтүү жаран ооруканага түшкөн. Ал эми 2013-жылы 130 баш мал-жандык ууланган. Массалык уулануулардан кийин 2013-жылы көмүлгөн жайдын айланасы долбоордун негизинде тосулуп, Кара- Алма токой чарбасына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда ал жайлар толук көзөмөлдө турат», – дейт С.Томаев.
Ал эми Атабек Матисаевдин айтымында, Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери эл аралык жамааттардын шарттарына ылайык, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү глобалдуу маселе катары карап, аны чечкиндүү мүнөздө кароого активдүү катышууда. Буга мисал катары Кыргыз Республикасынын Стокгольм конвенциясына кошулушун атоого болот. Сузак-А сактагычында эскирген пестициддерди утилдештирүү боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн ГЭФ/ЮНЕПтин “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” регионалдык долбоорду ишке ашырып жатат.
“Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” ГЭФ/ЮНЕПтин долбоорунун негизги максаты – Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, коркунучтуу калдыктарды, анын ичинде ДДТ жана башка туруктуу органикалык булганычтарды (ТОБ) экологиялык жактан таза башкаруу боюнча эки өлкөнүн (Кыргызстан, Тажикстан) тең улуттук жана аймактык потенциалын камсыздоо болуп саналат. Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, эки өлкө тарабынан улуттук жана аймактык потенциалдарын камсыздоо үчүн коркунучтуу калдыктарды экологиялык рационалдуу башкаруу, анын ичинде ДДТ жана башка ТОБдорду.
Аталган долбоордун аякташы менен: 5000 тонна ТОБ утилдештирилет;
Аймактарда коркунучтуу калдыктарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү бар ишканаларды лицензиялоо; долбоор бар өлкөлөрдө коркунучтуу калдыктарды улуттук стратегиялык башкаруу ишке ашырылат. ТОБ пестициддердин адам ден соолугуна жана курчап турган айлана-чөйрөгө келтирүүчү зыяны жөнүндө калктын кабардар болушун камсыздоо үчүн улуттук жана жергиликтүү кампаниялары өткөрүлөт, – дейт А.Матисаев.
КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча” КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын № 825 пунктунда: «Айлана-чөйрөгө химиялык заттардын чыгышын кыскартуу жана адамдын ден соолугуна терс таасирин азайтуу, Сузак-А ири резервуарынын аймагындагы эскирген пестициддерди сактоочу жайга экологиялык жактан коопсуз утилизациялоону жүргүзүү” жөнүндө талаптар коюлган.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскирген пестициддердин көйгөйлөрү боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар арасында маалымат таратуу, Сузак-А пестициддер көмүлгөн жайга жакын жайгашкан калктуу конуштарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кызыктар тараптар менен өз арааракеттенүү, потенциалын күчөтүү боюнча маалыматтык-коммуникациялык кампанияны өткөрүүнү пландаштырган.
Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, Жалал-Абад шаары
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg АКШ КАРА-СУУДА ЖАПЖАҢЫ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫН АЧУУГА ЖАРДАМДАШТЫ
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР” ГЭСТЕРИНИН КАСКАДЫНДА ТЕМИР-БЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ИШКЕ КИРДИ
-
-
-
-
14.12.2023 / Автор anarkan_kg ЖАНЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ ЖАЛЫНСЫЗ ӨТСҮН
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.