Аймак

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ: УБАДА УНУТУЛБАЙТ. АТКАРЫЛАТ!

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ: УБАДА УНУТУЛБАЙТ. АТКАРЫЛАТ!

 222 Бардыгы /

Кыргыз Өкмөтү былтыр жакшы саамалыктын гана  тушоосун кескен. Министрлер Кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары жыл сайын өлкөбүздөгү бардык райондорду жана шаарларды чекесинен тегиз кыдырышып, карапайым калктын көйгөйлөрүн жеринде эле тыңдашып, а түгүл айрымдарын дароо жайгарып жатышат. Кабарчыбыз Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт ТӨРӨБАЕВдин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен кездешүүсүнө катышып кайтты.

Арзыбү АБАЗОВА, Кара-Кулжа районунун борбору Кара-Кулжа кыштагынын тургуну:– Мага 1995-жылы райондук эски архивдин имаратынан №220-токтомдун негизинде 2 бөлмөлүү үй (35,50 чарчы метр квадрат) берилип, колума ордерди дагы карматышкан. Кара-Кулжа районунун мурунку акими Пирим Дыйканов, райондук коммуналдык чарба ишканасынын экс-жетекчиси Бекташ Суранбаев экөөлөп жең ичинен сүйлөшүп алышып, өздөрүнчө документ тууралашып, менин үйүмдүн бир бөлмөсүн Элмира Каралаева дегенге тартуулап ийишиптир. А түгүл аталган шылуундар токтом дагы чыгарганга үлгүрүшүптүр. Муну мен кайдан билейин? Майрам Жолдошбаева деген аял үйүмдүн бир бөлмөсүнүн дубалын бузуп кирип, анын ичиндеги мага тиешелүү буюм-тейимдерди ээлеп, ошол бөлмөдө жашаганында гана кашайып баарын туюп олтурбайымбы. Бул мыйзамсыз жорук туурасында мен дароо эле Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө, ошондой эле райондук прокуратуруга даттангамын. Тилекке каршы, экөөнөн тең эмдигиче жыйынтык жок! Кыскасы, мага мөөрү басылбаган, колу дагы коюлбаган Техпаспортту даярдап беришкен Кара-Кулжа райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Токтоназар ОРОЗОВГО жана анын кызматкери Рашид КУДАЙБЕРДИЕВге мыйзам чегинде чара көрүңүздөрчү?!?

Токтобай ТӨРӨГЕЛДИЕВ, коомдук ишмер:– Ушуну менен Сиз, Бакыт Эргешович, Кара-Кулжа жергесин экинчи ирет кыдырып, көйгөйлөрүбүздүн оң жагынан чечилишине олуттуу гана таасир этип келатасыз. Демек, Кыргыз Өкмөтү адаттагы ыкшоолугунан бара-бара арылып, чындап иштегенге өттү десем эч жаңылышпаймын. Көрдүңүздөр го. Районубуз абдан чоң. Ага жараша жолдору арбын, автоунаа дагы абдан көп. Тилекке каршы, буларды районубуз боюнча үч гана МАИчи (жол кайгуул кызматкери) тейлешет. Чындыгында, Алайкуу өрөөнү соңку жылдарда көңүл сыртында гана калып кеттти. Ал жакта бир дагы МАИчи жок! Өзүнчө штат  ачтырып, кызматтык автоунаа бердиртиңизчи? Болбсо, автоунаа кырсыгы бул жакта абдан көп катталат. Эсиңиздер бардыр. Автобуста келатышкан 19 жүргүнчү Тамчыда кулап, булардын баары тең Тар дарыясына чөгүп-тумчугуп өлүшпөдү беле…

Калыс БЕКМУРЗАЕВА, Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылынын тургуну, экинчи топтогу майып:

 – Районубуздун борборунда туруп биз дагыле ичилүүчү таза сууга зарбыз, эй! Мындан тышкары жаш үй-бүлөлөрүбүзгө турак жай салганга жер тартыш. Ал эми жолдорубуз күн жааганда автоунаа эмес, жөө адам жүргөнгө дагы таптакыр жараксыз.

Абазбек МАКСҮТОВ, Кара-Кулжа районундагы Чалма айылынын жашоочусу:

 – Айылдарда Техсервис уюштуруп койбойсуңарбы, ыя? Бизди ар кимге жалдыратпай… Техника жетишсиздигинен көптөгөн аянттар айдалбастан калып гана кетти. Айдаган ченде деле анын түшүмүн жыйнаарда комбайн таппай куурап, мээнетибиз күйүп гана кетүүдө…

Ошентип, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт ТӨРӨБАЕВ менен жолугушуу маалында опуртал аймактарды ыкчам аныктоо, калкты коопсуз аймактарга өз убагында көчүрүү, нугу бар каналдарды кайрадан иштетип, сугат аянттарын ого бетер көбөйтүү, үлүш жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, жаңы конуштарды ыкчам трасформациялоо, бара-бара чакан ГЭСтерди көбөйтүү, жалган дыйкан чарбаларын таптакыр жойдуруу, ички чыр-чатактарды укук коргоо жана сот органдарына жеткирбестен эле жайгаруу маселелери үстөккө-босток көтөрүлдү.

-Мурун өлкөбүздөгү 40 райондун ар бирине  828 миллион 950 миң сомдон жыл сайын ажыратчуубуз. Ага ири долбоорлор гана бүткөрүлчү. Ал эми быйыл чыгынып муну 1 миллиард сомго дейре көбөйтүүнү чечтик, – деди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт ТӨРӨБАЕВ. – Албетте, мынча каражатты ар бир районго сөзсүз тепетең бөлүштүрөбүз. Буларды сарамжалдуу гана урунгула? Ири жана келечектүү долбоорлорго жумшагыла? Ал эми бүгүнкү жолугушууда көтөрүлгөн чоң-кичине маселелерди бүт протоколго түшүрдүк. Аларды ыңгайына жараша гана ыкчам чечкенге күчүбүздү сарптайбыз!

        Айтмакчы, өлкөбүздөгү облустардын, райондордун жана шаарлардын жетекчилери дагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине өрнөк алышып, эл менен тыгыз иштешсе, бүгүнкү ар тараптуу кризистен чукул арада кутулуп, ыкчам өнүккөнгө бет алаар элек…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17