Аймак

КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР

КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР

 69 Бардыгы /

Кара-Көл шаардык мэриясы 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата жашы улгайган карыяларыбызга сый тамак уюштурду.

Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей,шаар мэри Нуртилек Орозбаев улуу муундарыбызга урмат көрсөтүп, өз учурунда сыйлап калуу биздин парыз деп белгиледи. Калаа башчысы 50 жыл чогуу жашаган үлгүлүү үй-бүлө статусун алган 10 үй-бүлөгө 1000 сомдон акчалай сыйлык жана ыраазычылык кат тапшырды. Мындан сырткары 75 жаштан жогорку “Баатыр энелерге”,  “Ардактуу атуулу” наамын алган карыялар болуп, жалпы 134 карыянын ар бирине беш жүз сомдон акча каражаты берилди. Ал менен бирге Нуртилек Орозбаев шаарыбызда 104-жашка толгон Джуманалиева Моймол ападан кабар алып, ден соолук калап, акчалай сыйлык жана белек тапшырды.

Кошумчалап кетсек, Кара-Көл шаарында пенсия курагындагы 3 миң 342 жаран бар. Аларга жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан моралдык жана материалдык ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17