Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 150 КАРЫЯГА МАЙРАМДЫК СЫЙ ТАМАК УЮШТУРУЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 150 КАРЫЯГА МАЙРАМДЫК СЫЙ ТАМАК УЮШТУРУЛДУ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 1-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун район, шаарларынан келген 150 улгайган инсандарга 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык сый тамак уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков катышты.

Облус башчысынын орун басары улгайган жарандардын мамлекеттин ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экенин белгиледи. Алардын өрнөктүү өмүрү, бай тажрыйбасы жана акыл-насааттары элдин байлыгы экенин айтып, ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаевдин куттуктоосун жеткирди.

Ал ошондой эле мамлекет тарабынан улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү, карыларга кам көрүү аракети жылдан-жылга жакшырып жатканын белгиледи.

Майрамдык сый тамак Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасы тарабынан уюштурулган.

Жалал-Абад облусунда 108 819 пенсия курагындагы жарандар бар. Быйыл 1-октябрь–Эл аралык карылар күнүнө карата облустагы 100 жаштан ашкан 32 карыяга ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан акча каражаты бөлүндү.

Өлкө боюнча 2024-жылдын 1-октябрынан тартып, пенсиянын эң аз көлөмү 6900 сом деп бекитилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17