Аймак

КАРА-СУУДА СЕЛДЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР КАМЧЫБЕК ТАШИЕВГЕ ДАТТАНЫШТЫ

КАРА-СУУДА СЕЛДЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР КАМЧЫБЕК ТАШИЕВГЕ ДАТТАНЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМКнын) төрагасы  Камчыбек Ташиев Ош облусуна жасаган сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунда быйылкы селден жабыркаган тургундарга жардам маселеси чечилээрин убадалады. Маселен, 11-октябрда Мады айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу маалында маселени келерки аптада чечип берүүнү катуу убадалады.

– Кыргыз Өкмөтүнөн берилчү жардам аягына чейин чыкпай калган экен. Мен азыр Ош облусунун губернатору менен дагы сүйлөштүм. Кийинки аптада сөзсүз түрдө чечип беребиз. Үч-төрт күн, ашып кетсе беш-алты күн сабыр кылып туруңуздар? Ал маселени 100 пайызы өзүм көзөмөлдөп, толук кандуу жайгарам! –деди Кыргыз Респубюлтикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Министрлер кеёсеси жардамдын кечигип жатканы туурасында азырынча түшүндүрмө бере элек. Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта, мунун ичинде Ош облусунда катуу сел жүргөн. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө жалпысынан 250дөн ашык сел кырсыгы катталды. Андан 17 адам каза тапты. Булардын арасында он чактьсы жашы жете элек балдар дагы бар.

Айтмакчы, селде бир катар турак-үйлөр жапа чегип, топон суу жолдорду жана көпүрөлөрдү жууп кеткен. Өкмөт жабыркаган тургундарга зыяны эсептелип чыккандан кийин кенемте берилээрин билдирген. Селдин чыгымы болжол менен 173 миллион сомго жакын деп болжолдонууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17