Аймак

ЖОЛ МЫЙЗАМЫ-ӨМҮР МЫЙЗАМЫ

ЖОЛ МЫЙЗАМЫ-ӨМҮР МЫЙЗАМЫ

 3 Бардыгы /

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан  Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери” жөнүндө 60-мыйзамынын талаптарын аткаруу жана ИИМдин укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш-мерчемдеринин талаптарын аткаруунун алкагында бүгүн,  ИИМдин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясында курсанттар менен  жолугушуу өткөрүлдү.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушу иш-чарага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан келген жумушчу топ жана Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери ошондой эле жалпы курсанттар катышты.
Иш-чаранын алкагында башкы башкармалыктын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев доклад жасап, жол-унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептерине токтолуп, статистикалык көрсөткүчтөрдү монитордон көрсөтүп, жол унаа кырсыктары боюнча түшүндүрүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан, жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлдү. Ал эми  студенттер кызыктырган суроолорду беришип, жоопторун алышты.
Мындай түшүндүрүү багытындагы жолугушуулар Бишкек шаарынын баардык жогорку окуу жайларында өткөрүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17