Аймак

СУЗАКТА КУМ-ШАГЫЛ ЖАНА БЕТОН ӨНДҮРҮҮЧҮ ЗАВОД АЧЫЛДЫ

СУЗАКТА КУМ-ШАГЫЛ ЖАНА БЕТОН ӨНДҮРҮҮЧҮ ЗАВОД АЧЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 19-августта Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Орто-Сай айылында заманбап “Цзиянъ” ЖЧКсынын кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү заводу ишке берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 1500 куб метр кум-шагыл аралашмасын жана 1500 куб метр бетон өндүрүүгө жетет. Өндүрүш объектиси курулуш тармагын керектүү материалдар менен камсыздап, 30дан ашуун жергиликтүү тургунду жумуш орду менен камсыз кылууда.

Жалпы 5000 чарчы метр аянтты ээлеген ири долбоордун наркы 7 миллион АКШ долларын түзөт. Ал Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылды.

Облус башчысы Тилек Текебаев салтанаттын катышуучуларын куттуктап, заводдун ишмердүүлүгү аймактагы курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, экономикага жаңы дем берүүгө жана жергиликтүү калктын жашоосуна оң таасир тийгизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17