Аймак

ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана Минстрликтин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө бөлүмүнүн испекторлору менен биргеликте жыл башында бекитилген иш-пландын негизинде өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чаралар орто жана жогорку окуу жайларда, көп кабаттуу турак жайларда, ошондой эле борбордук базарларда уюштурулуп, өзгөчө кырдаал жаралган учурда ыкчам аракеттенүү, эвакуациялоо жана өрттү өчүрүү боюнча практикалык ич-чараларга даярдыгын бекемдөөгө багытталган.

Машыгуулардын башкы максаты — жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратпоого, материалдык чыгымдарды болтурбоого жана мүмкүн болуучу өрт кырсыктарынын алдын алууга багытталган даярдыкты күчөтүү болуп саналат.

Мындан тышкары машыгууга тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтары да тартылып, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана ыкчам аткаруу боюнча талаптар коюлду.

Урматтуу жарандар!

Өрт коопсуздугунун талаптарын так сактап, өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын өмүрүн сактоого кайдыгер болбоңуздар. Коопсуздук — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17