Аймак

«МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ» 120 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

«МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ» 120 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

 3 Бардыгы /

ТогузТоро районундагы «Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коому райондогу аз камсыз болгон жана жардамга муктаж 120 үйбүлөгө азыктүлүк түрүндө материалдык көмөк көрсөттү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Тогуз-Торо районундагы жалгыз жана эң ири өндүрүш ишканасы болгон «Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коому өндүрүштүк ийгиликтери менен гана чектелбестен аймактын социалдык маселелерине да өзгөчө көңүл буруп келет. Быйыл дагы касиеттүү Ыйык Орозо айын утурлай, ишкана салтка айланган кайрымдуулук кербенин өткөрдү. Бул саамалыктын алкагында райондогу аз камсыз болгон жана жардамга муктаж 120 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө материалдык көмөк көрсөтүлдү.

Райондогу жалгыз өндүрүш ишкана катары «Макмал Голд Компани» ишканасы жергиликтүү калкты иш орундары менен камсыз кылуудан сырткары, социалдык жоопкерчиликти да аткарууда. Жыл сайын Орозо айында муктаждардын көңүлүн алуу ишкананын ажырагыс салтына айланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17