Аймак

БЫЙЫЛ БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА ЭСКИРГЕН 601 МАМЫЧА ЖАҢЫЛАНАТ

БЫЙЫЛ БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА ЭСКИРГЕН 601 МАМЫЧА ЖАҢЫЛАНАТ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты сапаттуу тейлөө боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруунун алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар-Коргон район электр тармактары үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып оңдоп-түзөө иштерин баштады.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынынмаалымат кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери тарабынан 70 даана жаңы электр мамычасы орнотулуп, 148 даана трансформатор жана 550 чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Аткарылган бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Планга ылайык, негизги оңдоп-түзөө жана курулуш иштери май айынан тартып активдүү улантылат. Бул иштердин жыйынтыгында райондогу электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгү жогорулап, эскирген жабдуулар этап-этабы менен жаңыланат. Натыйжада электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр азайып, калкка көрсөтүлүүчү тейлөөнүн сапаты дагы да жакшырмакчы.

2026-жылы Базар-Коргон райондук электр тармактары тарабынан төмөнкү иштер аткарылат:

– 360 даана комплекттик трансформатордук подстанция (КТП) техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт;

– Натыйжада жабдуулардын иштөө мөөнөтү узарат, авариялар азаят жана электр энергиясы туруктуураак берилет;

-“1038 чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт;

– Зымдардын жана линиялардын абалы жакшыртылып, үзгүлтүккө учуроо коркунучу төмөндөйт;

– 41 даана трансформатор жана 48 чакырым 10 кВ аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;

– Эскирген жана бузулган жабдуулар калыбына келтирилип, электр энергиясынын сапаты жакшырат;

-1 чакырым 10 кВ жаңы аба чубалгысы курулуп, 2 даана жаңы трансформатор орнотулат;

-Жаңы линиялар жана трансформаторлор кошумча кубат берет, жаңы керектөөчүлөрдү кошууга шарт түзүлөт;

– 40 чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланат;

– Толук жаңыртуу жүргүзүлүп, электр тармагы заман талабына ылайык күчтөндүрүлөт жана ишенимдүүлүгү жогорулайт;

– 601 даана эскирген электр мамычалары жаңыланат.

Эски мамычалар алмаштырылып, коопсуздук камсыздалат жана линиялардын туруктуулугу жогорулайт.

Жогоруда аталган иштер 2026-жылдын март айынан башталып, ноябрь айында толук аяктайт. Бул масштабдуу иштердин натыйжасында Базар-Коргон районунда электр менен камсыздоонун сапаты бир топ жакшырып, тармактын ишенимдүүлүгү кыйла жогорулайт.

Электр энергиясына байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот:

105 (акысыз чалуу)

+996 772 001209

+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17