Аймак

КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ

КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ

 3 Бардыгы /

Базар-Коргон районунун Акман, Сайдыкум айыл аймактарын жана Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздаган Каркыра-Мисте каналын толугу менен оңдоо иштери быйыл башталат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев билдирди.

27-апрелде Айыл чарба министрлигинде өткөн Жогорку Кеңештин комитетинин көчмө жыйынында бул маселе көтөрүлүп, Айбек Алтынбеков тарабынан тиешелүү суроо узатылды.

«Мен Каркыра-Мисте каналы боюнча маселени бир топ жылдан бери көтөрүп келем. Мурдагы министрдин орун басары канал баланска алынып, каражат каралып жатканын билдирген. Бул – аймак элинин турмушуна түздөн-түз таасир эткен маанилүү долбоор. Анткени Кемпир-Абад суу сактагычынан келген суу дал ушул канал аркылуу Базар-Коргон районундагы бир катар айылдардын тургундарына жетет»,– деп белгиледи Айбек Алтынбеков.

Министрдин орун басары Алмаз Жээналиев аталган канал баланска алынганын билдирип, быйыл вегетация мезгили аяктагандан кийин оңдоо иштери башталарын маалымдады. Учурда тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлүп, мамлекеттик акт алуу процесси жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, бул каналга Кемпир-Абад суу сактагычынан сууну Топурак-Бел ашуусундагы насостук станция аркылуу жеткирүү, ал тургай Кайырма суу сактагычына чейин берүү мүмкүнчүлүгү бар. Союз мезгилинде курулуп, көп жылдар бою кароосуз калган бул каналдын кайра жанданышы Базар-Коргон элинин суу көйгөйүн чечмекчи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17