Аймак

ТООЛУУ ЖАНА ТОО ЭТЕКТЕРИНДЕГИ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ МҮМКҮН

ТООЛУУ ЖАНА ТОО ЭТЕКТЕРИНДЕГИ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ МҮМКҮН

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 29-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиришкендей, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан тышкары, 29-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда атап айтканда:

– Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);

– Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);

– Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17