Аймак

МАНАС ШААРЫНДА «ЭМГЕК–ӨСПҮРҮМ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

МАНАС ШААРЫНДА «ЭМГЕК–ӨСПҮРҮМ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

 3 Бардыгы /

Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматовдун катышуусунда, Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте «Эмгек–өспүрүм» аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлүүдө.

Рейддин алкагында устаканалар, кафе-ашканалар, базарлар жана башка соода-тейлөө жайлары текшерилип, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылышы көзөмөлдөнүүдө. Өспүрүмдөр жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын коопсуздугуна байланыштуу маселелер боюнча маалыматтар берилүүдө.

Рейддин жүрүшүндө аныкталган учурлар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Профилактикалык иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу багытында улантылат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17