Аймак

БАТКЕНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

БАТКЕНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

 2,043 Бардыгы /

 БАТКЕН. Мамлекеттик Туу күнүнө арналган салатанатуу жыйынга Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров,Баткен шаарынын жана Баткен районунун жетекчилиги, ошондой эле бир катар облустук, район–шаардык мекеме–ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

–         Кыргыз Туусу – бул биздин эгемендигибиздин нукура эн белгиси! Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон үчүн өзүнүн Желеги, Герби жана Гимни бар, абдан бактылуу өлкө. Ар бирибиздин бул мамлекеттик символдорго болгон урмат–сыйыбыз чексиз!Анткени,  Гимн жаңырганда, Желегибиз желбирегенде ар бир жүрөгү Кыргыз деп соккон атуулда патриоттук ыйык жана жылуу сезимдер гана пайда болот. Мамлекеттик Желегибиз чет жактагы зор жеңиштерде  желбирегенде,баарыбызды бир муштумдай бириктире койгон, улуу күчкө эгедер! – деп баса белгиледи Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров.

                       Андан ары Мунарбек Насиров Баткен облусунун калкынМамлекеттикТуу күнү менен чын ыкластан куттуктап, Туунун кабыл алуу тарыхына дагы өзгөчө басым жасады. Айтмакчы, мындай иш–чаралар жаштардын патриоттук сезимдерин гана күчөтүп, Мамлекеттик символдорубузга болгон сый–урматты ого бетер жогорулатат.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17