Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,697 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ачылышына катышты. Анда мамлекет башчысы сүйлөп жатып, мамлекет аймактарда заманбап мектептер жана ооруканалар сөзсүз болуш керек деп максат коюп жаткандыгын ачыктады. – Бүгүн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жапжаңы заманбап комплексин ачып жатабыз. Бул оорукана биздин аймактардагы жарандарга чет өлкөгө дарыланууга чыкпай эле жогорку […]
1,698 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ачылышына катышты. Анда мамлекет башчысы сүйлөп жатып, мамлекет аймактарда заманбап мектептер жана ооруканалар сөзсүз болуш керек деп максат коюп жаткандыгын ачыктады. – Бүгүн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жапжаңы заманбап комплексин ачып жатабыз. Бул оорукана биздин аймактардагы жарандарга чет өлкөгө дарыланууга чыкпай эле жогорку […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ДЕНИ САК ӨЛКӨ, ДЕНИ САК УЛУТ – МАМЛЕКЕТТИН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЭҢ БАШКЫ НЕГИЗИ»
23.04.2019 / Автор anarkan_kg

1,699 Бардыгы /
ОШ. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ачылышына катышты. Анда мамлекет башчысы сүйлөп жатып, мамлекет аймактарда заманбап мектептер жана ооруканалар сөзсүз болуш керек деп максат коюп жаткандыгын ачыктады.
– Бүгүн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жапжаңы заманбап комплексин ачып жатабыз. Бул оорукана биздин аймактардагы жарандарга чет өлкөгө дарыланууга чыкпай эле жогорку сапаттагы ар тараптуу, кеңири жана заманбап багыттагы медициналык кызмат көрсөтөт, — деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент ошондой эле Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык Форумга катышкандыгы тууралуу дагы айтып, анда башка маселелер менен бирге ооруканаларды санариптештирүү жана саламаттыкты сактоо тармагында ашыкча бюрократияны жоюу маселелери дагы талкуулангандыгын ачыктады.
Жаңы оорукананын курулушу, аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо Кытай Эл Республикасынын колдоосу аркасында жүзөгө ашырылгандыгын баса белгилеп, Мамлекет башчысы жакын коңшу, ишенимдүү дос жана стратегиялык өнөктөш КЭРге терең ыраазычылгын билдирди. Президент жакында Пекинде «Бир алкак — бир жолдун» алкагында боло турчу эл аралык кызматташтык форумуна катышаарын эске салып, июнь айында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары күтүлөөрүн, андан кийин Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине дагы катышаарын айтып, Кыргыз-Кытай кызматташтыгы мындан ары дагы эки тараптын тең кызыкчылыгында гана улантыла берээрин убадалады.
– Дени сак өлкө, дени сак улут — биздин мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи. Биздин милдет — калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн ооруканаларды заманбап жабдуу, ошондой эле дасыккан адистерди даярдоо. Саламаттыкты сактоо системасында ырааттуу чечиле турган көп көйгөйлөр, милдеттер турат, — деди Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков бул тармакка инвестиция тартуу дагыле зарыл экендигин кошумчалап, Германия Федеративдүү Республикасына болгон расмий сапарынын натыйжасында бир катар макулдашууларга жетишилгенин дагы эске салды. Мунун бири — жаңы перинаталдык кызматын түзүүгө 21 миллион евро гранттык жардам көрсөтүү тууралуу келишим. Мунун алкагында Бишкек, Ош жана Талас шаарларында энелерге жана жаш балдарга эл аралык деңгээлде медициналык жардам көрсөтө турган заманбап перинаталдык борборлор ачылмакчы.
– Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына каражат жетиштүү эле бөлүнүн келатат. Быйыл бюджеттен 19 миллиард 600 миллион сом ажыратылды. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,2 миллиард сомго арбын. Мындай заманбап клиникалар өлкөбүздүн бардык аймактарында болушу кажет. Жаңы клиникаңыздар кут болсун! — деп кебин аяктады Президент Сооронбай Жээнбеков.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Оштун тургундарын чын ыкластан куттуктап, бул клиника Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда саламаттыкты сактоо жаатында ири долбоорлордун бири экендигин кыйытып, бул Кытай элинин Кыргыз элине болгон урматынын жана бийик достугунун белгиси экендигин кошумчалады.
– Акыркы жылдарда „Бир алкак — бир жол“ демилгеси Кыргыз-Кытай кызматташтыгында жаңы барак ачты. Энергетика, жол инфратүзүмүндө жана саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды, — деп белгиледи Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь.
Айтмакчы, 2016-жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын гранты менен жаңы Ош шаардык клиникалык ооруканасын куруу жана медициналык жабдыктар менен тейлөө иши башталган. Имарат коридор менен байланышып турган үч башка корпустан турат (административдик, стационардык жана амбулатордук). Стационардык корпус бейтаптарды кабыл алуу жана шашылыш дарылоо үчүн 150 кишилик орунга ылайыкташкан. Ал эми административдик корпуста кызматтык, материалдык-техникалык, онлайн байланыш бөлмөлөрү, илимий-изилдөө блогу, 200 орундук лекция окуучу зал дагы бар. А амбулатордук корпуста күн сайын 200-250гө чейин бейтап кабыл алынат. Анда терапевтикалык, хирургиялык, стоматологиялык, травматологиялык, көз, оториноларингологиялык, гинекологиялык бөлмөлөр жана реабилитация бөлүмү жайгашкан. Ошол эле жерде операциялык блок жана реанимация орун алган. Мындан тышкары ооруларды текшерүү жана диагноз коюу үчүн инструменталдык-диагностикалык кабинеттер дагы бар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg КЕПИЛДИК ФОНДУ: АЯЛ ИШКЕРЛЕР 1,5 МЛРД. CОМДОН АШЫК НАСЫЯ АЛЫШТЫ
-
28.10.2024 / Автор anarkan_kg СПОРТ МЕКТЕБИ ТОЛУГУ МЕНЕН ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ
-
06.11.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ КУРУЛУП ЖАТАТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.