Аймак

СЕЙИЛ БАКТАРДЫН БҮТӨ ЭЛЕКТЕ БАШТАЛГАН КӨЙГӨЙҮ

СЕЙИЛ БАКТАРДЫН БҮТӨ ЭЛЕКТЕ БАШТАЛГАН КӨЙГӨЙҮ

 2,562 Бардыгы /

Эс алуу бактарындагы шарттар элдин талабына жооп береби? Азырынча жомоктогудай сейил багы жок, бирок каражат коротулуп курулуп жаткандары бар. Жакында Жалал-Абад шаарында эки эс алуу багы колдонууга берилмекчи. Алардын бири Барпы-Сейил көчөсүндөгү Барпы аллеясы жана СМУ кичи шаарчасындагы жаңы сквер. Шаар казынасынан миллион сомдор коротулуп курулуп жаткан эс алуу жайларынын күңгөй-тескейи тууралуу төмөндө сөз кылмакчыбыз.

ПАЙДАСЫЗ КЕТКЕН 2,6 МИЛЛИОН СОМ

Жалал-Абад шаарынын казынасынан 2 миллион 600 миң сом жумшалып реконструкцияланган эс алуу жайы бир жыл ичинде кайра эле мурдагы абалына кептелди. Чөптөр отургучтардан бийик өсүп, курулганына бир жыл боло элек оргуманын (фонтан) кафелдери көчүп түшкөн, таштандыларга толгон абалын жашоочулар видеого тартып алып, “Элдик репортер” аркылуу интернетке жарыялашкан. Андан кийин гана кайрадан дагы калыбына келтирүү аракеттери башталды. Эми 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө колдонууга беришмекчи.

Айтурган АБДЫРАЗАКОВА, студент:

“БИЗДЕ ТЫНЧ ЭС АЛУУ БАГЫ ЖОК БОЛЧУ”

Барпы-Сейил көчөсүндөгү сейилдөөчү жай бир топ жылдардан бери каралбай жатып, кайра жакшы  болуп оңдоп-түзөөдөн өткөндө сүйүнгөнбүз. Бизде эки чоң сейил бак бар эмеспи. Алар аттракциондорго толгон, тынч эс алууга мүмкүн эмес. Ал эми ал жерде тынч жана фонтан бар салкын, досторуң менен кенен сүйлөшүп отурганга ыңгайлуу жер эле. Айрыкча жайдын күнү кечки салкында мээ сергите турган жай болгон. Бирок бир жылда эле каралбай, ээн калып кеткени өкүнүчтүү. Активисттер барып чөптөрүн оруп, таштандыларын тазалап койсок болмок. Бирок кафелдери көчүп түшүп, жарык берүүчү чырактары да сынып калган. Мурдагыдай эмес, ээнсиреген абалга келиптир. Эми кайрадан оңдолуп жатат экен деп уктук. Кийин да эстен чыгарбай карап турушса, элдер үчүн эң керектүү эс алуу жайы болот деп ойлойм.

ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ЭЛЕКТР ТҮРКҮГҮ ТУРГАН ЖЕРГЕ СКВЕР КУРУЛУП ЖАТАТ

СМУ шаарчасындагы Бекмамат Осмонов көчөсүндө көп жылдардан бери иштетилбей жаткан жер аянтына жаңы сквер курула баштады. Бирок ал жерде жогорку чыңалуудагы 4 электр түркүгүн артылган чубалгыларды көрүүгө болот. “Жалалабатэлектро” ишканасынын жетекчилигинин айтымында, бул жерден областтык оорукананы жана шаардагы мекеме-ишканаларды тейлеген, ошондой эле Сузак районуна өткөн эки чоң линия жайгашкан. Сквердин курулушуна шаар казынасынан 5 миллион сом бөлүнүп, тендердик наркы 3 миллион 100 сомго бааланды. Куруучулар ишти 10-июлга карата бүткөрүп, пайдаланууга беришмекчи. Ошондой эле ал жерге 108 түп кайың көчөтү эгилди.

Акылбек НУРКУЛОВ, шаардык курулуш департаментинин башчысы:

“БАРДЫК ТАЛАПТАР КАРАЛГАН, ИШ ОЙДОГУДАЙ КЕТИП ЖАТАТ”

-Көп жылдардан бери каралбай чөп басып жаткан жер болчу. Былтыркы жылы сквер куралы деген демилге көтөрүлгөн. Шаар казынасынан 5 миллион 557 миң акча каражаты каралып, долбоору түзүлгөн. Быйыл тендерден 3 миллион 100 сомго “Вавилон” курулуш компаниясы утуп алды. Ооба, экотехинспекция кызматына “Жалалабатэлектро” кайрылган экен. Алар бизге курулушту токтотуп туруу боюнча кат жиберишти. Бирок биз катка жооп берүүнү шаардык архитектура башкармалыгына тапшырганбыз. Себеби курулуш башталар алдынан бардык коммуналдык кызматтардан, ошол эле электродон да макулдук баракчасына кол коюлган эле. Бир жума мурда экотехинспекцияга жооп катын жөнөткөнбүз. Алардын талабы да туура. Электр зымдары болгондуктан бийик өскөн дарак болбошу керек экен. Биз кайың эктик, аны бутап турганга болот. Долбоорго өзгөртүү киргизип, фонтанды курбай турган болдук. Отургучтарды 4 метрлик талапты сактап, тротуарга жылдырабыз, жөө адамдар үчүн ичкери тараптан жол коюлат.

Ал эми Барпы-Сейил көчөсүндөгү эс алуу жайын калыбына келтирүү  2016-жылдын декабрь айында башталган. Казынадан 4 миллион сом каралып, тендерден 2 миллион 600 миңге бааланган. Ортодо шаардык кеңеште депутатттар болбой, бюджет бекитилбей токтоп калган. Былтыр июнь айларында колдонууга берилген. Азыр коммуналдык кызматтар иштеп жатышат. Кайрадан оңдоо- түзөөдөн өткөрүп, 1-июнга бүткөрүшөт. Биз убагында кошумча жумуштары аткарылышы керек деген шарт менен кабыл алганбыз. Эми бул жаңы курулуш эмес, реконструкция болгондуктан буга чейин деле коммуналдык чарба департаменти, жашылдандыруу чарбасы карашы керек эле.

Закирходжа САРЫМСАКОВ,  жашылдандыруу чарбасынын мурагы жетекчиси, ардагер:

“СКВЕРГЕ КӨЛӨКӨ БЕРГЕН ДАРАКТАРДЫ ЭГИШ КЕРЕК”

-Кайың дарагы өзү бийик өссө кооз болот. Туура аны бутап турганга болот, бирок көркү анчалык болбой калат. Анын ордуна башка дарак эксе жакшы болмок экен. Кайыңды ээн ачык жайга эксе сонун болот. Бутап турабыз дегенине көңүлүм чаппады. Дегеле шаар боюнча көлөкө азайып баратат. Жалал-Абад аба-ырайы ысык шаар болгондуктан көлөкө берген чоң дарактарга басым жасаганыбыз оң. Ал эми сквер темасына  келе турган болсок, ал жерге Барпы театрынын алдында эгилип турган емен (дуб) дарагын сунуштайт элем. Ал айланасын салкын кармайт, кооздук берет. Бирок бул жерде электр линиясы бар экен, жапыз өскөн дарак болушу керек болсо, анда мажевник, ясин, катальпа дарактары эле жакшыдай. Дагы кошумчалай кетсем, шаар аймагында көчөлөрүбүз кеңейип жатат. Бул жакшы, бирок дарактар алынып, көлөкө азайып жатат. Кийинки эгилген дарактарды да байкап жатам, көлөкө бергидей эмес. Мисалы, Ленин көчөсүнүн кеңейтилгенине көп болду, азыр ошол жерлерде көлөкө жок. Бизде аба-ырайы ысык экенин эске алалы.

Ал эми «Жалалабатэлектро» ААКтын директорунун биринчи орун басары Азамат ПАИЗОВ сквер курулуп баштаганда экологиялык техникалык коопсуздук кызматына кабарлашканын билдирди.  Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Замирбек  ДАВЛЕТАЛИЕВ төмөнкүлөргө токтолду.

Бизге “Жалалабатэлектродон” кабар келгенден кийин иш аракеттерди баштаганбыз. Ал жерде 35 киловатт саат ылдамдыктагы жогорку чыңалуу дагы эки линия бар. Бири областтык оорукана жана шаардагы бардык мекеме-ишканаларды тейлесе, экинчиси Сузак районуна өтөт. Мындай жерде короого алынган аймак (охранный зона) болуп эсептелет. Сөзсүз түрдө аралык сакталышы керек. Ошол үчүн шаардык курулуш департаментине 3 пункттан турган талап менен кат жибергенбиз, азырынча жооп келе элек. Алар кошумча дагы 15 убакыт суранышкан. Ошондуктан биз койгон талаптар аткарылдыбы, жокпу азырынча белгисиз. Катка жооп берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин да жооп келбесе, анда биз курулушту токтотуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылабыз. Негизи ал жерде жогорку чыңалуудагы электр түркүгү турат. Мүмкүн эмес. Ошондуктан да бир топ жылдардан бери бекеринен бош жатпаган. Шаар аймагында мындай жогорку чыңалуу бар жерлерде буга чейин сквер же башка курулуштар болгон эмес.

P.S. Жогоруда эми гана шаар көркү үчүн курулуп, бирок башталышы да, бүтүшү да көйгөй болуп жаткан сквер жана аллея тууралуу сөз кылдык. Келерки сандарда Жалал-Абад шаарындагы эки чоң парк Токтогул жана Жеңиш эс алуу бактары тууралуу кеп кылабыз. Аталган парктардан шаар казынасына 2 миллиондон ашык каражат түшөт. Ушу каражаттарга ылайык каралабы изилдеп көрөбүз.

 

Роза Акматжан кызы, “Аймак” 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17