Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
8,995 Бардыгы / Мындай үйлөнүү үлпөтү эгемен Кыргызстандын тарыхында дегеле болгон эмес! Жаш активист Нургазы Нурлан уулунун үйлөнүү үлпөтүнүн башында дин аалымы Садыбакас ажы ДООЛОВ, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, «ЭмаКом Холдинг» компаниясынын президенти Эмилбек ЖУСУПОВ алмак-салмак сүйлөшүп, «Хан Ордо» ресторанынын жыйындар залында олтурушкан миңдеген жарандарга үй-бүлө куруунун маани-маңызы, жоопкерчилиги, ыймандуулук жана […]
8,996 Бардыгы / Мындай үйлөнүү үлпөтү эгемен Кыргызстандын тарыхында дегеле болгон эмес! Жаш активист Нургазы Нурлан уулунун үйлөнүү үлпөтүнүн башында дин аалымы Садыбакас ажы ДООЛОВ, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, «ЭмаКом Холдинг» компаниясынын президенти Эмилбек ЖУСУПОВ алмак-салмак сүйлөшүп, «Хан Ордо» ресторанынын жыйындар залында олтурушкан миңдеген жарандарга үй-бүлө куруунун маани-маңызы, жоопкерчилиги, ыймандуулук жана […]
УНИКАЛДУУ ТОЙ
12.11.2019 / Автор anarkan_kg

8,997 Бардыгы /
Мындай үйлөнүү үлпөтү эгемен Кыргызстандын тарыхында дегеле болгон эмес! Жаш активист Нургазы Нурлан уулунун үйлөнүү үлпөтүнүн башында дин аалымы Садыбакас ажы ДООЛОВ, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, «ЭмаКом Холдинг» компаниясынын президенти Эмилбек ЖУСУПОВ алмак-салмак сүйлөшүп, «Хан Ордо» ресторанынын жыйындар залында олтурушкан миңдеген жарандарга үй-бүлө куруунун маани-маңызы, жоопкерчилиги, ыймандуулук жана бүгүнкү заман талаптары туурасында ачык-айкын масилет курушту. Буга улай айрым орчундуу соболдорго дагы жалпысынан жана жекече жоопторду кайтарышты. Тойдун экинчи бөлүмү аталган ресторандын чакан залында тар чөйрөдө – Нургазы жана Ханзааданын санаалаштарынын, тууган-уруктарынын катышуусунда гана улантылды жана жыйынтыкталды.
– Кымбаттуу Нургазы жана Ханзаада! Көп кырдуу жана миң сырдуу турмушта өз ордуңарды тапкыла! –деди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит КАДЫРБЕКОВ. – Аз чыгым короткон, көбүнчө акыл-насаат айтылган мындай жупуну тойлор өлкөбүздө мындан ары ылайым көбөйсүн! Биз дал ушинтип Кыргызстанды гана эмес, ар бир үй-бүлөнү экономикалык кризистен – жакырчылыктан жакын арада куткарганга үлүшүбүздү кошолу?!?
– Мен уулум Нурланга, неберем Нургазыга абдан чоооң ыраазымын! Мындай үйлөнүү үлпөтү башкаларга үлгү жана сабак болсун! Бекеринен элибиз «Корктуңбу, баштаба! Баштадыңбы, коркпо!» дешпейт, – деп агынан жарылды үйлөнүп жаткан Нургазынын чоң атасы Ыса ТОКОМБАЕВ. –Күркүрөтүп той өткөргөндөн көрө, ага корткон оңбогондой каражатка эки жашты үйлүү кылсак, мындан баарыбыз эле утат экенбиз!
– Албетте, Нургазы Нурлан уулунун үйлөнүү тою абдан кубаттап, анан бүтүндөй Кыргызстанга жайылта турган жышаан! – деди жаш активист Айбек ТААЛАЙБЕК уулу. – Эсибизде.Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору кезинде ашыкча чыгымдарга, артыкбаш той-аштарга – эң негизгиси ысырапкорчулукка каршы жакшы жөрөлгөн баштаганэле. Бул киши – эми Президент. Тажистандык кесиптеши Эмомали Рахмонго окшоп мындай иш-чараларды уюштурган жетекчилерди токтоосуз жана аеосуз жазалап, а түгүл кылмыш жоопкерчилчигине тартканда гана араң тыйылат. Ушул тапта биздикилерге мындан башка чара таптакыр таасир этпейт. Анан дагы мындай шаң-шөөкөттөрдү өткөргөндөргө, ошондой эле аларга жетекчилердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусуна бир нече жылга мораторий дагы жарыялаганы оң!
Канеткен күндө дагы, ойгон кыргыз, ойлон кыргыз! Кредитке той өткөрүп, карызга баткан жакшыбы? Же жаш жубайларга түбөлүктүү түнөк – турак жай энчилиген сооп ишпи?




Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КАРАЛДЫ
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg СӨГҮШ АЛГАН МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН СЫЙ АКЫ ТӨЛӨНБӨЙТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.